Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

2022-10-24 күнү жарыя болгон токтомдор

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII-ЧАКЫРЫЛЫШ XV - СЕССИЯ ТОКТОМ 1
Т О К Т О М У

18-октябрь 2022-жыл
№ 1

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылдын 10-октябрындагы №01-15/728 сандуу «Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун ѳкмѳттѳ калган 50% жерин ижарага берүү үчүн 1 га жер аянтына сугат жерге 8000 сом, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жакыр жарандарга 1 га сугат жерге 5000 сомдон ижара акысын бекитип берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап, Агрардык саясат ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун туруктуу комиссиянын протоколдук сунушун угуп, талкуулап
токтому кылат:

  1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу айыл чарба багытындагы  мамлекеттик фондунун айыл ѳкмѳттѳ калган 50% жерин ижарага берүү үчүн 1 га  сугат жерге 7000 сом, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жакыр жарандарга 1 га сугат жерге 4000 сомдон ижара акысы  бекитилсин жана мамлекеттик фондунун сугат жерлери ижарага 1 жылдык мѳѳнѳткѳ берилсин.
  2. Токтомдун аткаруу жагы  Багыш айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын м.а. У.Жолборсовго милдеттендирилсин.   
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 
  4. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.