Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

2023-06-08 күнү жарыя болгон токтомдор

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII-ЧАКЫРЫЛЫШ XXI - СЕССИЯ ТОКТОМ 1
Т О К Т О М У

18-апрель 2023-жыл
№ 1

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №01-15/185 14.03.2023-жылдагы “Багыш айылынын тургуну А.Чопонованын арызынын негизинде “Тигүү цехтин жамааты” ишканасынын жамааттык уставын бекитип берүү жѳнүндѳ” кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин угуп, талкуулап
токтому кылат:

  1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу “Тигүү цехтин жамааты” ишканасынын жамааттык уставы ылайык бекитилсин. №1 тиркеме тиркелет.
  2. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Самидиновго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
  4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII-ЧАКЫРЫЛЫШ XXI - СЕССИЯ ТОКТОМ 2
Т О К Т О М У

18-апрель 2023-жыл
№ 2

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/795 28.10.2022-жылдагы “Октябрь айылынын тургуну Сарыков Жедигердин арызынын негизинде ѳзүнѳ таандык Шоро-Дѳбѳ участкасындагы мал сарайынын айланасындагы №395 контурундагы 2,0 гектар айыл чарба жеринин категориясынын жайыт түрүнѳн, айыл чарба жерлеринин мѳмѳлүү бак-дарактар түрүнѳ которууга сессияда карап чечим чыгарып берүү жѳнүндѳ” кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин угуп, талкуулап
токтому кылат:

  1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Шоро-Дѳбѳ участкасындагы мал сарайдын айланасындагы №395 контурунда жайгашкан  2,0 гектар айыл чарба  жеринин  категориясынын жайыт түрүнѳн,  айыл чарба жерлеринин мѳмѳлүү  бак-дарактар түрүнѳ которууга макулдук берилсин.
  2. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Самидиновго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Багыш айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук  тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын  тѳрагасы К.Маматалиевге жүктѳлсүн.
  4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII-ЧАКЫРЫЛЫШ XXI - СЕССИЯ ТОКТОМ 3
Т О К Т О М У

18-апрель 2023-жыл
№ 3

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/211 23.03.2023-жылдагы «Октябрь айылындагы Садовый кичи кѳчѳсүнѳ Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Умаркулов Жолдошбайдын ысымын ыйгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айылдык Кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 28.03.2023-жылдагы протоколдук чечимин угуп, талкуулап
токтому кылат:

  1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь айылындагы Садовый кичи кѳчѳсүнүн башынан 2-кѳчѳгѳ чейин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Умаркулов Жолдошбайдын ысымы ыйгарылсын.
  2. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Самидиновго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Багыш айылдык Кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрайымы Ж.Маматканова жүктѳлсүн.
  4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XXI сессия ТОКТОМ 4
Т О К Т О М У

18-апрель 2023-жыл
№ 4

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, Багыш айыл өкмөтүнүн №1-15/335 14.04.2023-жылдагы «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Кедей-Арык айылында жайгашкан №50 Т.Тайгараев атындагы орто мектебине спорт зал куруу» долбоорун Жалал-Абад областтык Ѳнүктүрүү фонду аркылуу жасоого уруксат берүү, Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылга кабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасына 2023-жылга кошумча пункт менен киргизүү жана долбоорго ѳздүк салым катары 2 925 014,8 сомго сессияда чечим чыгарып берүү жөнүндө» кайрылуусун угуп, талкуулап
токтому кылат:

  1. Сузак районуна караштуу «Багыш айыл өкмөтүнүн Кедей-Арык айылында жайгашкан №50 Т.Тайгараев атындагы орто мектебине спорт зал куруу» долбоорун Жалал-Абад областтык Ѳнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашырууга уруксат берилсин.
  2. Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылга кабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасына кошумча пункт менен 2023-жылга «Багыш айыл өкмөтүнүн Кедей-Арык айылында жайгашкан №50 Т.Тайгараев атындагы орто мектебине спорт зал куруу» долбоору  Жалал-Абад областтык Ѳнүктүрүү фонду аркылуу жасоо деп  киргизилсин.
  3. “Багыш айыл өкмөтүнүн Кедей-Арык айылында жайгашкан №50 Т.Тайгараев атындагы орто мектебине спорт зал куруу” долбоорун Жалал-Абад областтык Ѳнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин  эсебинен 900000(тогуз жүз миң)  сом, 2023-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетке пландан ашыкча түшкѳн акча каражат эсебинен 1000000(Бир миллион) сом, коомчулуктун салымы 1025014,8 (Бир миллион жыйырма беш миң он тѳрт сом сексен тыйын) сом, жалпысынан 2925014,8 (Эки миллион тогуз жүз жыйырма беш миң он тѳрт сом сексен тыйын) сом бѳлүнүп берилсин.
  4. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Самидиновго милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
  6. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XXI сессия ТОКТОМ 5
Т О К Т О М У

18-апрель 2023-жыл
№ 5

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, Багыш айыл өкмөтүнүн №1-15/346 18.04.2023-жылдагы «Багыш айыл ѳкмѳтүндѳ жайгашкан Ормон каналынын жээгине сугат суу үчүн скважина казуу» долбоорун Жалал-Абад областтык Ѳнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашырууга уруксат берүү, Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылга кабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасына 2023-жылга кошумча пункт менен киргизүү жана долбоордун сметасы 8602276 сом, анын ичинен ѳздүк салым катары 863,0 миң сомго сессияда чечим чыгарып берүү жөнүндө» кайрылуусун угуп, талкуулап
токтому кылат:

  1. Сузак районуна караштуу «Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Ормон каналынын жээгине сугат суу үчүн скважина казуу» долбоорун Жалал-Абад областтык Ѳнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашырууга уруксат берилсин.
  2. Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылга кабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасына кошумча пункт менен 2023-жылга «Багыш айыл ѳкмѳтүндѳ жайгашкан Ормон каналынын жээгине сугат суу үчүн скважина казуу» долбоору  Жалал-Абад областтык Ѳнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашыруу деп  киргизилсин.
  3. «Багыш айыл ѳкмѳтүндѳ жайгашкан Ормон каналынын жээгине сугат суу үчүн скважина казуу» долбоорун Жалал-Абад областтык Ѳнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 863,0(Сегиз жүз алтымыш үч миң)  сом бѳлүнүп берилсин.
  4. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Самидиновго милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү   өзүмө калтырамын.
  6. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XXI сессия ТОКТОМ 6
Т О К Т О М У

18-апрель 2023-жыл
№ 6

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык, 2023- жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке 1-июнга чейинки өзгөртүүлөр киргизүү эсебинен, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №01-15/326 13.04.2023-жылдагы кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү бюджетке пландан ашыкча киреше булактардан кармалуучу киреше салыктан түшкөн 1440,0 миң сом акча каражатын, зарыл чыгымдарга пайдалануу үчүн бекитилген бюджеттин киреше чыгашаларына өзгөртүү киргизүү боюнча Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап
токтому кылат:

  1. Багыш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдга бекитилген жергиликтүү бюджетинин   «Киреше салыгынын» 11111100 беренесинин жылдык планы 1440,0 миң сомго  көбөйтүлсүн.
  2. Жергиликтуу бюджеттин баланстуулугун сактоо максатында КР Бюджеттик кодексинин 130-беренесин жетекчиликке алып, бюжеттин чыгаша бѳлүгүнө 1440,0 миң сомго план төмөнкү бөлүмдөр жана беренелер боюнча көбөйтүлсүн.

2.1. 70111 «Башкаруу  бөлүмүнө»:

- 2215 беренесине («Октябрь-2 айылына

 ичүүчү сууга скважина казуу»

долбоона документтерди жасоого                                       -200,0 миң сом

             -2215 (Сары-Булак айылынын түнкү

              жарыктандырууга техникалык

             шарттамасын алууга)                                                                -20,0 миң сом

 

           Баары:                                                                                         -220,0 миң сом

 

                   2.2. 70629 «Турак жай жана коммуналдык чарба бѳлүмү»:

                      -3111 беренесине («Ормон каналын

              жээгине скважина куруу» долбооруна 

              кошумча салым)                                                                       -863,0 миң сом

                 -3111 беренесине (мусор полигонуна

             зым сетка алууга)                                                                       - 50,0 миң сом

   Баары:                                                                                                  -913,0 миң сом

                              2.3. 70921 «Орто мектептер»

      - 2215 беренесине(Исманалиев мектебине

        гос.акт. тех.паспорт жасатууга)                                                  -60,0 миң сом

      - 3111 беренесине (Мичурин мектебине

           зым сеткаларын алууга)                                                              -100,0 миң сом

      - 3112 беренесине (Мичурин мектебине

      ашканасына стол, стул алууга)                                                          -50,0 миң сом

    

                    Баары:                                                                                              -210,0 миң сом

 

              2.3. 70961 «Мектептен  тышкаркы билим берүү бѳлүмү» 

 

             -3112 (Октябрь балдар  чыгармачылык

                        үйүнѳ 3 чакан

                        электр машинка алууга)                                                      -12,0 миң сом

             -3112(Октябрь балдардын билимин

                      ѳркүндѳтүү борборуна аккордеон алууга)                          -35,0 миң сом

            Баары:                                                                                              -47,0 миң сом

            2.4.   71092 «Социалдык тармак бѳлүмү»

            -2721 (Октябрь айылынын тургуну

              Д.Уметалиевага боорунан операция

              жасатууга материалдык жардам)                                                 -50,0 миң сом

 

        5. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго жана финансы экономика бѳлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.

        6. Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү КР Финасы министрлигинин Сузак финансы башкармалыгынан суралсын.

7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

8. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XXI сессия ТОКТОМ 7
Т О К Т О М У

18-апрель 2023-жыл
№ 7

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 13-апрелиндеги №01-15/326 “Ѳндүрүштүк муктаждыктарга байланыштуу бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө статьядагы сметаларды жылдыруу” кайрылуусунун негизинде, ѳндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу акча каражаттарын зарыл чыгымдарга пайдалануу үчүн сметага өзгөртүү киргизүү боюнча Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык 2023- жылга жергиликтүү бюджеттин бектилген сметасына өзгөртүү киргизүү үчүн
токтому кылат:

        1.   Багыш айыл өкмөтүнүн:

-70911 «Мектепке  чейинки  билим берүү» бѳлүмүнүн (Багыш айылына бала бакча курууга бѳлүнгѳн акча каражатынан) 3111-беренесинен -1000,0 миң сом акча каражаты азайтылсын.

        2. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн:

-70111 «Башкаруу» бѳлүмүнүн (Т.Тайгараев мектебине Спорт зал куруу учун

проектти колдоо максатында ѳздүк салым) 2215-беренесине 400,0  миң сом акча каражаты кѳбѳйтүлсүн.

-70629 «Турак-жай коммуналдык чарбасынын» бѳлүмүнүн (Таштанды ташуучу автоунаа алуу үчүн ѳздүк салым) 3112-беренеси 600,0 миң сомго акча каражаты кѳбѳйтүлсүн.

     3. Багыш айыл өкмөтүнүн :

-70111 «Башкаруу» бѳлүмүнүн (Ар түрдүү күтүлбѳгѳн чыгымдарга бекитилген акча каражатынан) 2215-беренесинен 215,0 миң сом акча каражаты азайтылсын.

      4.   Багыш айыл ѳкмѳтүнүн:

            - 70629 «Маданият» бѳлүмүнүн (Т.Тайгараевдин 100 жылдык маарекесине арналган ишмузейди учурдагы ремонт иштери 150,0)2221-беренеси 150,0 миң сомго акча каражаты кѳбѳйтүлсүн.

       5.  Багыш айыл ѳкмѳтүнүн:

         -70629 «Турак-жай коммуналдык чарбасынын» бѳлүмүнүн (видео кѳзѳмѳл камерасын коюуга)3112-беренеси 65,0 миң   сомго акча каражаты кѳбѳйтүлсүн.

     6. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго жана финансы, экономика бѳлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.

     7. Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сузак райондук финансы башкармалыгынан суралсын. 

      8. Токтомдун аткарылышын көзөм өлдөө Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

     9. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XXI сессия ТОКТОМ 8
Т О К Т О М У

18-апрель 2023-жыл
№ 8

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №01-15/346/1 18.04.2023-жылдагы “Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Ой Талаа участкасына Эл аралык аэропорт курулуп жаткандыктан, ага баруучу 3500 метр аралыктагы жолдун долбоорун даярдоо үчүн, Багыш айыл ѳкмѳттүн стратегиялык ѳнүгүү планынын 2023-жылга кошуп токтом чыгарып берүү жѳнүндѳ” кайрылуусун кароо угуп, талкуулап
токтому кылат:

  1. Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылга кабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасына кошумча пункт менен 2023-жылга «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Ой Талаа участкасына Эл аралык аэропортко баруучу 3500 метр аралыктагы жолду асфальттоо» долбоору киргизилсин.
  2. «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Ой Талаа участкасына Эл аралык аэропортко баруучу 3500 метр аралыктагы жолду асфальттоо»  долбоорунун   долбоорлоо-сметалык документациясын даярдоо үчүн Жалал-Абад областтык Ѳнүктүрүү фондуна долбоордун топосьемкаларын даярдап тапшыруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Самидиновго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү   өзүмө калтырамын.
  4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.