Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын
Айыл Өкмөтү
Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака
2.1. 70111 «Башкаруу бөлүмүнө»:
- 2222 беренесине (Кеңсе товарларын алуу) -30,4 миң сом;
- 2215 беренесине (Анарбаев кѳчѳсүнѳ Топосъемка) -150,0 миң сом;
- 2215 беренесине (Жаңы айылга статус алууга документ иштерине) -20,0 миң сом;
- 2215 беренесине (Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу союзуна салым) -25,0 миң сом;
Баары: 225,4 миң сом
2.2. 70629 «Турак жай жана коммуналдык чарба бѳлүмү»:
-3111 беренесине (Ж.Умаркулов көчөсүн асфальттоо) - 900,0 миң сом;
-3111 беренесине (Токтогул көчөсүн асфальттоо) - 900,0 миң сом;
-3111 беренесине (С.Укеев көчөсүн асфальттоо) - 300,0 миң сом;
-3111 беренесине (Мичурин мектебине сетка алуу) -60,0 миң сом;
Баары: -2160,0 миң сом.
4. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу У.Жолборсовго жана финансы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысы М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
5. Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү Кыргыз Републикасынын Финансы министрлигинин Сузак финансы башкармалыгынан суралсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Ташболотовго жүктөлсүн.
7. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын
Айыл Өкмөтү
Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака
70111 башкаруу болумундогу 2215-беренесинен ар түрдүү күтүлбѳгѳн чыгымдарга каралган 257,4 мин сом, 70921 билим берүү бѳлүмүндѳгү 2224-беренесинен кѳмүргѳ каралган акча каражаттан үнѳмдѳлгѳн 123,5 миң сом, 2221-беренесинен Исманалиев орто мектебине труба алууга каралган 20,0 миң сом, 70823 маданият бѳлүмүндѳгү 2215-беренесиндеги майрамдык иш-чараларга каралган акча каражаттан үнѳмдѳлгѳн 16,8 миң сом, 70911 бала бакча бѳлүмүндѳгү 2224-беренесинен кѳмүргѳ каралган акча каражаттан үнѳмдѳлгѳн 38,3 миң сом, 70961 мектептен сырткаркы мекемелер бѳлүмүндѳгү 2222-беренесиндеги спорт инвентарларын, кеңсе товарларын, чарба товарларын алуудан үнѳмдѳлгѳн 47,4 миң сом, 70629 турак жай комуналдык чарба бѳлүмүндѳгү 3112-беренесинен таштанды машина алуу үчүн каралган 1800,0 миң сом, 2221-бернесиндеги Ой талаага кеткен каналдардын ремонтунан, ички каналдардан үнѳмдѳлгѳн, шагыл тѳшѳѳдѳн 119,7 миң сом, 3111-беренесинен «Касса-1000» долбооруна үнѳмдѳлгѳн 500,0 миң сом, Ормон каналына каралган 863,0 миң сом, Сафаровка, Октябрь 3, Кедей-Арык айылдарынын кѳчѳлѳрдѳн капиталдык ондоодон үнѳмдѳлгѳн 507,4 миң сомду, жалпысы болуп 4293,5 миң сом акча каражаты азайтылсын.
Жергиликтүү бюджеттин баланстуулугун сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 130-беренесин жетекчилике алып, бюджеттин чыгаша бѳлүгү 293,5 миң сомго тѳмѳндѳгү беренелерге кѳбѳйтүлсүн:
-70911- болумуно 2213-беренесине бала-бакчанын ижарасына 170,5 мин сом,
-70911- болумуно 3111 беренесине Таалимтай бала бакчасынын чатырын алмашууга
76,2 миң сом,
-70111-болумуно 2215-беренесине Аэропорт куруу учун корутунду алууга 50,0 мин сом,
-70629-болумуно 2221-беренесине суу каналдарын тазалоого 70,0 мин сом,
-70629-болумуно 2221-беренесине Жаанбаев көчөсүнө шагыл төшөөгө 95,0 мин сом,
-70629-болумуно 2221-беренесине Фитнес клуб ачууга залды утурумдук оңдоп түзөөгө 40,0 мин сом,
-70629-болумуно 2214-беренесине Кышка даярдыка солярка алууга 13,0 миң сом,
-70629-болумуно 2215-беренесине Жолбун иттерди атууга 60,0 миң сом,
-70629-болумуно 3111-беренесине Токтогул көчөсүнүн этегине асфальт төшөө 124,4 миң сом,
-70629-болумуно 3111-беренесине Кадыркулов көчөсүнө асфальт төшөө 2240,0 миң сом,
-70629-болумуно 3111-беренесине Момунов Т. көчөсүнө асфальт төшөө 1232,0 миң сом,
-71092-болумуно 2721-беренесине аз камсыз болгондорго жардам (Т.Бекмурзаевке
50,0 миң сом, Чотуровко 52,4 миң сом) 102,4 миң сом,
-70961-болумуно 2221-беренесине утурумдук оңдоп түзөө иштерине 20,0 миң сомго жалпысы болуп 4293,5 мин сомго кобойтулсун
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Ташболотовго жүктөлсүн.
5. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын
Айыл Өкмөтү
Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака
1. Багыш айыл өкмөтүнѳ караштуу мектепке чейинки бала бакчалардын тамак-аш сатып алуу боюнча 2218-беренесинен каралган сметадан мамлекеттик сатып алуулар порталынан 2023-жылдын 9 айынын ичинде жалпысынан 1653,9 миң сом өлчөмүндө акча каражаты үнѳмдѳлгѳн, жогоруда көрсөтүлгөн үнөмдөлгөн акча каражаты, бала бакчалардын муктаждыктарына ылайык тѳмѳндѳгүдѳй беренелерге иштетүүгө бекитилип берилсин:
70911- Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине:
2.1. Күн-Нуру мектепке чейинки билим берүү
Мекемесине тамак аш сатып алууга (2218) - 254,3 миң сом;
2.2. Разыбек мектепке чейинки билим берүү
мекемесине тамак аш сатып алууга (2218) - 567,3 миң сом;
2.3. Ай-Нуру мектепке чейинки билим берүү
мекемесине тамак аш сатып алууга (2218) - 136,4 миң сом;
2.4. Бѳкѳнбаев мектепке чейинки билим берүү
мекемесине тамак аш сатып алууга (2218) - 200,0 миң сом;
2.5. Кенжетай мектепке чейинки билим берүү
мекемесине тамак аш сатып алууга (2218) - 126,5 миң сом;
2.6. Таалимтай мектепке чейинки билим берүү
мекемесине тамак аш сатып алууга (2218) - 369,4 миң сом;
Бардыгы 1653,9 миң сом акча каражаты бюджеттик классификацияга ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Ташболотовго жүктөлсүн.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын
Айыл Өкмөтү
Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака
Багыш айыл аймагынын 2024-2028- жылдарга
социалдык -экономикалык өнүгүү программасы
БЕКИТИЛДИ
________________Ж.О.Сейдахматов
Багыш Айылдык кеңешинин
ХХV-сессиясынын № 4-токтому менен бекитилди
30.10.2023ж.
Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад облусу
Сузак району
Багыш айыл аймагы
Кириш сөз.
Багыш айыл аймагынын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы – бул муниципалдык саясатты стратегиялык пландоо аспабы жана расмий түрдө иштелип чыккан документ.СЭӨП ишке ашыруу мөнөтү 2024-жылдан 2028-жылга чейин чектелген. СЭӨП жергиликтүү кенештин ченемдик укуктук актысынын негизинде бекитилген.
Социалдык-экономикалык өнүгүү программаны иштеп чыгуу – бул системалык процесс же башкача айтканда Багыш АА жергиликтүү өз алдынча органы менен жергиликтүү коомчулук мүмкүнчүлүктөрүнө жана ресурстарына карата өзүнүн келечекке карай багытталган жолун биргеликте аныктоо процесси.
СЭӨП иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы айыл өкмөт тарабынан жумушчу топ түзүлгөн. Бул жумушчу топтун ишиненин негизги максаты баардык тарамактагы маалыматтары изилдөө жана анализ жүргүзүү менен 2024-2028-жылдарга карата социалдык экономикалык өнүгүү программсын долбоорун иштеп чыгуу.
Жумушчу топтун негизги функциясына төмөнкүлөр кирет:
Жумушчу топтун курамы төмөнкүлөр:
2023-жылдын февраль айында аймактагы 9 айылдарында элдик жыйын өткөрүлүп калктын керектөөлөрүн жана муктаждыктарын изилдөө, аныктоо иш-чаралары өткөрүлдү. Ал иш-чара 400 тегерегиндей жашоочулар катышышты, алардын 50% аялдар түздү. Багыш А/О караштуу Мичурин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде райондук денгээлде “ Жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, суициддин жана зордук-зомбулуктун алдын алуу, “ боюнча кеңири жыйын болуп: 12 жаштан 17 ти жашка чейинки 260 тан ашык орто мектептердин балдары,ата-энелер катышып кеңири талкуу болду,жана муктаждыктарын жана керектөөлөрүн аныктоо боюнча иш-чара түзүлдү. Жалпысынан бул иш-чаранын фокус топторуна 8,9,10,11-класстан 80 окуучу катышты. Керектөөлөрдү жана муктаждыктарды аныктоонун жыйынтыгындагы артыкчылыктуу көйгөйлөр жогорудагы жумушчу топ тарабынын каралып ушул документи иштеп чыгууда эске алынды.
Ошондой эле Багыш айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүү программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы N 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын аткарууну жетекчилике алат жана камсыз кылууга багытталат.
СЭӨПны даярдоо негиз болгон ченемдик-укуктук актылар.
Айыл аймак тууралуу кыска маалымат.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айыл аймагы район борборунан 25 км, облус борборунан 18 км, Бишкек шаарынан 620 км алыстыкта жайгашкан. Айылдык аймактын жалпы аянты гатүзөт. Аймактын курамына жалпысынан 7 айылкирет. Алар: Октябрь, Беш- бала, Кызыл-Туу, Багыш, Сафаровка,Сары-Булак,Кедей-Арык. Багыш АА төмөнкү айыл аймактар менен чектешкен. Алар; Таш-Булак АА, ЛенинАА, Көк-Арт АА, Көк-Жаңгак шаары, Тайгараев АА.
Багыш ААда 22901 калк жашап 3804 кожолукту түзөт. курамы: 21974 кыргыз,338 өзбек, 589 түрк жана башка улуттун өкүлдөрү бар. Жыныстык курамы боюнча ала келсек 11187 эркек жана. 11714 аял. Жаш курагы боюча маалыматты ала келсек 0-15 жашка чейинкилер 6681 адам, 16-17 жашка чейикилер 730 адам, 16-62 жашка чейинкилер 14145 адам жана 62 жаштан жогору 1875 адам.
Айылдык аймакта 2 ФАП жана 2 ҮДТ өңдүү саламаттык сактоо мекемелеринин социалдык инфраструктурасы, 6 жалпы билим берүүчү орто мектеп, 2 жеке,4 муниципалдык бала бакча, Октябрь айылында жайгашкан 175 орундук оорукана,1 төрөт үйү,Кедей-Арык айылында жайгашкан музей,3 Айылдык китепкана,100 орундук карыялар үйү,ар бир айылда спорт аянтчалары,4 банктын филиалдары,3 дарыкана,калкты тейлөө борбору ,РЭТ,1 эс алуу паркы,2 байланыш мекемеси жеке менчик ветеринардык дарыкана, мектептин базасында 2 бокс, күрөш секция бар, андан тышкары 4 кичи-стадион, 1 чоң стадион бар.
Аймакта таштанды графикке ылайык айына 8 жолу чыгарылып турат. Багыш,Беш-Бала, Октябрь, Сары-Булак айылдарына таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүлөт. Бүгүнкү күнү аймакта таштанды полигону ажыратылган. Аймактагы 3732 үй кожолуктун 95% таза ичүүчү суу менен, 100% электр энергиясы менен камсыз болгон. Айыл аймактагы бардык мектеп 100% ичүүчү суунун булактарына түз жете алат. Ал эми бардык мектепте 100% жупуну жабдууланган өз-өзүнчө дааратканалар бар.
Өнүгүү багыттарына анализ жүргүзүү
1. Пландоо, башкаруу жана администрациялоо
Багыш айыл өкмөтүндө жалпысынан болуп 32 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинен 14 кызматкер жогорку билимдүү, ал эми калган 12 кызматкер атайын орто билимге ээ.АӨ баардык кызматкерлери офистик техникалары, интернет жана жылуу имарат менен камсыз болгон. Жылына жалпы жонун 5-8 кызматкер квалификациясын жогорулату максатта кайра окуутудан өтүп келип турушат. Учурда кызматкерлердин танкыстыгы жок же болбосо айыл өкмөт толук кандуу кесипкөй кызматкерлер менен камсыздалган. Калкка маалымат каттарды алууда Санарип Аймак,Түндүк электрондук тутумдаштырылган системасы өткөрүлүп,ар бир жаран маалыкатты өзү алуу укугуна жетишти.АРИС,МЕРСИКО, USAIDтин каржылоосунда “Ийгиликтүү аймак”долбоорлору менен иш алып барылууда.Жакыр,жөлөк пул алуучу 37 үй бүлө социалдык контракттын негизинде 100 миң сомдон ар бир үй бүлө алып,өз ишмердүүлүгүн жүргүзүшүүдө.6 багуусунан ажыраган,16 жашка чейинки 2 же андан көп баласы бар үй бүлө Кызыл-Туу айыл аймагындагы Араб инвесторлору тарабынан салынган заманбап турак-жай менен камсыздалышты. АРИСтин CASA-1000 долбору тарабынан электр мамычалары,трансформаторлор орнотулду.Ошондой эле социалдык инфраструктура жакшыртылууда. Республикалык дем берүүчү грант тарабынан Октябрь айылынын Токтогул көчөсүнө асфальт төшөлдү жана Октябрь айылындагы Ж.Умаркулов кичи көчөсүнө эки тарабына тротуар курулду.
Учурдагы көйгөлөрү: Багыш айыл өкмөтү үчүн калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн бирдиктүү терезени уюштуруу жана электрондук айыл өкмөтү түзүү көйгөйүн чечүү маселеси чечилди.Анткени ар бир жаран Түндүк аркылуу кызмат алуу жолго коюлууда. Бирок Санарип аймакка катталуу үчүн турак-жайлардын мамлекеттик актысы талап кылынат.Турак-жайга болгон актылар кээ бир жарандарда жок.Себеби каза болгон адамдан мурас документтерин даярдоодо көйгөлөр жаралууда.Мындан сырткары бир нече жарандардын курган үйлөрү жер мунапысы туура келбестен,өз убагында документ алынган эмес. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жумушта пайдаланган компьютер жабдыктарынын эскилиги жетип,иш аткарууда тоскоолдуктар жаратууда.Ошондой эле кышкы мезгилде кабинеттер өтө суук,ал эми жайкысын аябай ысык.Имараттын ичинде таза ичүүчү суу менен камсыздалбаган.Даараткананын абалы начар,санитардык талаптарга жооп бербейт.Кызматкерлердин иштөөсүнө ыңгайлуу жана шарттар түзүлсө,иштөө сапаты мындан да жакшырмак.
Муниципалдык менчикти башкаруу;
Багыш айыл өкмөтү боюнча каттоодон өткөрүлгөн 42 муниципалдык менчик объектилери бар.
Алар:
Учурда жогорудагы саналып кеткен муниципалдык объектилердин көпчүлүгү кайра ондоо иштерин талап кылат.
Өзгөчө белгилей кетүүчү объектилер: Маданият тармагындагы объектилер жокко эсе. Учурда жогорудагы маданият үйүнүн эскилиги жеткен, мебелдери эски жана заманбап аппартуралар менен камсыздалган эмес. Ошондой эле музыкалык мектеби ,китепкана жайгашкан имарат эскиси бузулуп азыркы күндө спорт комплекси курулуп жаткандыктан учурда Р.Исманалиевдин эски имаратында убактылуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышат.Китепкана,музыкалык мектептин имаратын кайра куруу учурдун талабы.
Багыш айыл өкмөтү азыркы мезгилде карамагында КБФ (ФПС) –жалпы 548 га аянт жери бар. Алардын ичинен учурда 238 га кайрак айдоо жер, чөп орок-204 га жана 7 га бак-дарак аянты. Учурда КБФ эсебиндеги жалпы айдоо жерлери 548 га түзсө, ичинен 548 га аукцион аркылуу ижарага берилген.Алыстагы чоп орок аянттардын асылдуулугу төмөн жерлерди конкурсужок, ижара акысын төмөндөтү менен узак мөнөткө ижарага берип колдонсо болот деген адистердин ой пикири бар.
Дагы бир орчунду маселе болгон Багыш айыл амагынын генералдык планын жоктугу. Ушул учурга бул башкы пландын жасалбай келе жаткандыгы каражаттын тартыштыгы. Эмне үчүн генералдык план керек, бул аймактагы бардык жерлерди тактап алууга мүмкүнчүлүк түзөт, архитектуралык нормаларды сактап ар кандай курулуш иштерин жүргүзүүгө шарт түзөт жана айыл аймактын инфраструктурасын жакшыртууга чон салым кошот.
2. Экономикалык маселелер
Багыш айыл аймагынын жашоочулары негизинен дыйканчылык, мал чарбачылыгы жана тейлөө кызматтын көрсөтүү менен алектенишет. Өзгөчө чакан ишкерчилик менен дыйканчылык жакшы өнүккөн десек болот. Дыйкандардын негизги өстүргөндөрү буудай,беде,арпа, күнкарама, жүгөрү жана жашылча жемиштер. Аймакта дыйканчылыка ылайыкташкан 4038 га айдоо жер бар. Бул дыйканчылыкты өнүктүрүүдө айдоо жеринин аздыгы тууралуу маалымат берет. Учурда аймакта 1600дан жогору жеке дыйкандар бар, алар кандай өлчөмдө түрлүү жер жемиштерди, жашылчарды өстүрүп Жалал-Абад шаарындагы базарларда сатып өткөрүшөт.
Айыл аймакта суу пайдалануучулардын ассосациясы бар,8-кызматкер эмгектенет,2000-гектардан ашык сугат жерлерди суу менен камсыздашат.Ички каналдын узундугу 85 км болуп 3-каналды тейлейт.Суу үчүн дыйкандар менен келишим тзулот бирок толом ондурумдуулугу жонго салынган эмес.Толомдун ондурумдуулугун жогорулатуу учун атайын жобо иштеп чыгуу сунушталат.АВПда озунун техникалары жок.СПА
Мал чарбачылык деле чакан, анткени малды кармоого же багууга мүмкүнчүлуктөр аз, себеби жайыттардын саны аз жана карамактагы жайыттар алыс жайгашкан. Жайыттар аз болгондуктан айылдардын тегерегинде мал жайууга мүмкүнчүлүктөр аз. Тургундар деле мал жандыкты чакан санда кармашат. Учурдагы статистикалык маалыматтарга таяна келсек:
Башка жылдарга карганда майда кой-эчкилердин саны 10 пайызга өскөн.
Абдан жакшы өнүккөн бул чакан ишканалар, тейлөө жана соода тармагы. Азыркы мезгилде айыл өкмөттүн территориясында төмөнкүдөй ишканалар иш алып барышат:
- 4 тегирмен (дробилка)
- 1 навайканалар
- 66 соода точкалар (дүкөндөр)
- 1 момо жемиш кургатуучу цех
Жогорудагы чакан ишкерлерден жергиликтүү бюджетке салык түрүндө кирешелер түшөт.Жыйынтыгында келсек аймактын артыкчылыктуу багыты катары чакан ишканаларды ачуу жана тейлөө тармагын өнүктүрүү көнүл буруу зарыл. Мындан сырткары уй шартында жунду кайра иштетууну ар бир айылда жонго салуу.
Учурдагы көйгөйлөр:1. Чакан жана орто ишкерчиликтин өкүлдөрү салык төлөө, бизнести башкарууну (менеджмент), маркетинг, финансылык башкаруу сыяктуу окуу-тренингтерине муктаж.
2.Багыш АӨ аймагында чакан жана орто ишкерчиликтин башын бириктирген бизнес ассоциациясы жок болгондуктан, атайын жолугуп кенешип ишкерчиликтин багыттарын биргеликте аныктай турган, тажрыйба алмаша турган аянтча жок.
3. Чакан ишканалардын сапаттуу иштоосу учун заманбап жабдуулар жетишсиз.
2. Айлана чөйрөнү коргоо
Аймактын өзүнүн таштандыларды төгүүчү атайын полигону бар.Таштанды чыгаруу учун атайын техникалар иштейт.Жумада эки жолу айыл арасында таштандылар чыгарылат. Болгону жергиликтүү тургундар жана айыл аймакка келген коноктор таштандыларды ар кайсы жерге таштап ынгайсыздыктарды жана аймактын көркүн кетирүүдө, ошондой пластикалык калдык экологиянын бузулушуна алып келүүдө.Ошондуктан атайын таштанды чогултуучу ящиктер(урналар) коюу талап кылынат,таштанды чыгаруучу автоунаа алуу зарыл.Айыл аймактагы эскирген дарактарды изилдеп,ордуна жаны жаш көчөттөрдү тигүү учурдун талабы.Айыл аймактын көчкү кооптуулугу жаралган жерлерге жаш көчөттөрдү тигүү зарылчылыгы турат.
Коомдук тартип жана коопсуздук
Багыш АӨ алкагында Коомдук профилактикалык борбор уюштурулган, ал уюм өз ишин толук кандуу иш алып барат. Бул уюмдун жумуштарын учурда КР Өкмөтүнүн №72 токтому менен бекитилген антитеррордук иштин субъектилери бирге иш алып баруу көйгөйлөрү боюнча ведомостук аралык координациялык комиссия жөнүндө жобонун негизинде атайын мобилдик топ түзүлгөн. Ал топтун курмында айыл өкмөт кызматкерлери, күч кызматкерлери жана дин өкүлдөрү менен биридикте дин саясаты боюнча, ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча, баалуулуктарды пропагандалоо боюнча, жашы жете элек балдарды тарбиялоо жана ата-энен жоопкерчилиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүүлүдө.
Учурда жогорудагы мобилдик топ төмөнкүдөй профилактикалык иш-чараларды алып барууда:
-“Коопсуз айыл” боюнча түзүлгөн иш-чара боюнча айылдарда , мектептерде, ишкана мекемелерде чогулуштарды өткөрүү.
-Багыш АА 14 мечиттин имамдары менен диний саясат, улуттук каада салт, жер жерлерде болуп жаткан жер көчкү, жаш балдар арасындагы болуп жаткан мушташуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү.
Аксакалдар сотунда учурда 9 адам эмгектенет. Коомдук тартипти орнотууда аксакалдар соту абдан чон салымы бар, көпчүлүк майда маселелерди аксакалдар соту өз убагында ыкчам карап чечүүдө.
Андан тышкары балдар арасындагы ар кандай мыйзам бузуулар боюнча статистикага токтолсок 2023-жылы 14 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр тарабынан жасалган бир дагы тартип бузуу боюнча маалыматтар жок. Ошондой эле аймактык тескөөчү жана өспүрүмдөрдүн иши боюнча тескөөчүлөр жаштар арасында кылмыштуулукту алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин план боюнча жүргүзүп турушат.Бугунку кундо аймак боюнча 19 бала Оспурумдор иши боюнча инспекцияда учетто турат. 2023-жылы Багыш айылдык аймагы боюнча өспүрүмдөр маңзат жана токсиндүү заттарды колдонгон бир дагы учур катталган эмес. Ошондой эле өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюусу 2023-жылы 3 окуя катталды.Эрте никеге туруу окуялары болгон жок.
3. Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр
Таза суу
Аймактагы 7 айыл 95% ичүүчү таза сууменен камсыз болгон. Учурда ичүүчү таза суу менен камсыздоо кызматтын 2 СООПВ ишканасы аткарып жатат. Жогорудагы аталган ишканалар менен абоненттердин ортосуна келишим түзүлгөн, төлөө тарифтерин Багыш айыл аймагынын айылдык кенеши тарабынан бекитилген.
Көйгөй: Бүгүнкү убакта жогорудагы белгилеген 7 айылда таза суу системасынын суу түтүктөрүнүн көпчүлүгү совет доорунда орнотулгандыктан эскилиги жеткендиктен, суу түтүктөрүн улам ондоодон өткөрүүгө мажбур болуудабыз. Андан тышкары 50 % абонентке атайын суу эсептегичтер орнотулду.Сугат суусу үчүн Багыш айылында САSA-1000 долбоору аркылуу скважина орнотулуп,колдонууга берилди.Мындан сырткары Октябрь айылында 3 таза суу скважинасынын мотору алмашылып,кубаттуулугу көбөйдү.6 көчөгө суу түтүкчөлөрү алмашылып,суу жеткирилди. Октябрь айылына ичүүчү таза суу үчүн скважина куруу үчүн долбоору даярдалып,Араб демөөрчүлөрүнө сунушталууда.
Ички муниципалдык жолдор жана көпүрөлөр
Аталган тармакты жакшыртуу боюнча артыкчылык көйгөйлөр төмөнкүлөр:
Ички көчөлөрдү көчө жарыгы менен камсыздоо
Жалпы Багыш айыл аймагында ички көчөлөрдө көчө жарыгын орнотууга зарыл болгон70870 километр көчө болсо анын бүгүн күнү. Калган 53529 километр көчөлөрдү келечектеги бир нече жылдын ичинеде жергиликтүү бюджеттин эсебинен этап-этабы менен жарыктандырууменен камсыз кылуу милдеттери турат.
Октябрь-3 айылындагы О.Сейдахматов,С.Кырбашев,
Октябрь-2 айылындагы М.Атчабаров,Жаңы Конушка
Кызыл-Туу айылындагы Жаңы Конушка түнкү электр жарыгын орнотуу зарыл.
4. Эс алуу, маданият жана спорт
Багыш айыл аймагы тургундары эс алуу убактыларын, массалык сейилдөөнү айылдык эс алуу паркында өткөрүшөт. А/А да бир да маданият үйү жок,. Жеке маданият үйү деле учурда капиталдык ондоо талап кылат жана ошондой эле башка айылдарда маданият үйлөрү жок болгондуктан ар кандай иш чараларды ѳткѳрүүдө бир топ тосколдуктарды жаратат. Мисалы айылдык ар кандай курултай, жыйындарды, коомдук угууларды өткөрүүдө жергиликтүү калка ынгайсыздыктарды жаратат.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралып берилген каражат менен даталуу күндөрү майрамдарды айылдарда тамак-аш уштуруу менен өткөрүп элдин көңүлүн көтөрүп келебиз. Ошондой эле маданият жаатында орчунду маселе болуп бара жаткан жергиликтүү жаштар маданий, руханий баалуулуктарды баркын билбей, материалдык баалуулуктарга жогору баа коюп калгандыгы өкүндүрөт. Жергиликтүү денгээлде имараттын жоктугунун себебинен айыл өкмөт тарабынан ар кандай маданий иш чаралар өз денгээлинде уюштуралбай кыйналууда.
Жалпы аймак боюнча 3 муниципалдык китепкана бар. 1 китепкананын азыркы абалы кейиштүү эле, көпчүлүк китептер эски жана атайын келип китеп окуй турган зал жок. Элдин китепканага каттоосу эгемендүүлүктү алган жылдардан бери аябай төмөндөгөн. Башкача айтканда бүгүн жарандарыбыз китеп окууга кызыкпай ар кандай АЙ-ТИ гаджеттерди гана пайдануу менен алек болуп калды.
Биздин А/А 1 балдардын музыкалык мектеби жайгашкан,бул мектепте 100 жакын балдар кыздар келип билим алуу менен улуттук аспаптар менен ойноону,бийлөөнү үйрөнүшөт. Музыкадан сабак алгандар Республикалык сынактарга каатышып алдынкы орундарды ээлеп келүүдө.Бирок азыркы мезгилде имараты жок болгондуктан ,толук кандуу билим алууга шарт жок.
Багыш айыл өкмөтүнүн жаштарын спортко тартуу менен аракечтике, бангичилике, кылмыштуулука баруусуна бөгөт койсо болот. Учурда аймакта спорттук мектеп бар ал жерде жаштарбыз ар кандай спорттун түрлөрү менен машыгып алектенишет, ,бирок спорт комплексинин жаңы имараты курулууда. көпчүлүк секциялар кичи футбол аянтчаларында өткөрүлөт,бул тренер жана спортко катышкандарга ыңгайсыздык жаратууда, андан тышкары 4 кичи футбол аянтчасы жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен курулган. Жаштарыбыз обулустук, райондук ар кандай мелдештерде ийгиликтүү жетишкендиктерге жетип жатышат.
Азыркы учурдагы көйгөйлөр:
1.Айыл аймагында 20000ашык адам жашагандыгына карабастан,маданият үйү жок,ар кандай иш чаралар орто мектептердин залдарында же ынгайсыз жерде өткөрүлөт
2. Сузак районда музыкалык мектеп экинчи экендигине карабастан ,сабак отууго шарты жок, имарат жок, толук кандуу музыкадан сабак өтүүгө тоскоол болууда.
5. Билим берүү, Саламаттыкты сактоо
Жалпы Багыш айыл аймагында алты мектепке чейинки билим берүү уюму болсо анын ичинен экөөсү жеке менчик болуп эсептелет, айыл өкмөт тарабынан имаратка аренда акысы төлөнүп берилет. Учурда жалпысынан 2-жаштан 7-жашка чейинки жаш 865 бала тарбияланып жатат. Ошондо 42% бала бакчада тарбияланат Бирок көпчүлүк наристелер үйдө эле тарбияланып келатат.Себеби айыл өкмөтүндө 9 айыл болсо анын 3 айылында бала бакча бар ал эми калган 6 айылда бала бакча жок .
“Кун-Нуру”, “Ай-Нуру” муниципалдык бала-бакчасынын тамактануусуна жергиликтүү бюджеттен тамактануусуна, ремонтуна, ичүүчү суусуна, коммуналдык чыгымдарына каражат бөлүнөт. Бул бөлүнгөн каражат жалпы бюджетинин 9%түзөт. Бала бакчага барган 690 наристеге эсептей келгенде, жергиликтүү бюджеттен бир балага кеткен чыгаша бир айда 360 сомдун тегергинде.
Ал эми аймактын денгээлинде 7 орто мектеп билим берүүдө. Учурда мектептерде 3 800 бала окуйт, алардын 52% кыздар жана 48% эркек балдар.Багыш айыл өкмөтүндөгү 7 мектеп үчүн жергиликтүү бюджеттен ичүүчү таза суусуна, жылытуусуна, электр энергиясына, жана ар кандай иш-чараларынын чыгымдарына каражат бөлүнөт. Бул болсо аймактын жалпы бюджетинин 9% түзөт. Азыркы учурда Т.Арзыкулова орто мектебиинин имараты Республикалык бюджеттин планына кирип,капсула салуу иштери күтүлүүдө.
Ошондой эле дагы бир балдардын ден соолугуна кам көрүү бул балдардын тамактануусу, башкача айтканда жетиштүү тамактануу баланын ар тараптуу өнүгүүсүн кепилдейт. Акыркы эки жылдан бери 6 мектептин 5 (И.В.Мичурин, Р.Исманалиев,Ж.Бөкөнбаев окуу комплекси,У.Абдукаимов,Т.Тайгараев орто мектептери) мектеби ысык тамак берүү программасына кошулган. 1-4-класска чейинки 1838 балага же болбосо жалпы балдардын ичинен 82,7% бала мектепте ысык тамак ичишет.
Балдар арасында көйгөйлөрдү аныктоо боюнча фокус-топторду өткөрүү учурунда балдар үчүн кошумча билим алууга, чыгармачыл өнүктүрүүгө, спорттук ийримдерге муктаждык бар экени аныкталды жана ошондой эле химия, физика, биология, математика, чет тил предметтери боюнча билим деңгээлин жогорулатып, ошондой эле жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн кошумча сабактарды өткөрүү уюштурулган.
Миграция
Багыш айыл аймагындагы тургундар убактылуу Казакстан, Россия,Европа ж.б мамлекеттерге кеткендер 2475 тегерегинде адам.Азыркы күндө миграцияда жүрүп тизмеге түшкөндөрдүн тизмеси көбөйүүдө. Ата –энеси убактылуу миграцияда иштеп акча табуу менен алектенсе, балдары айылда чон ата-чон эне же тайата-тайэнелери менен калып алар оздору кары картандар болгондуктан балдардын ден-соолугу тарбиясы,окуусу козомолсуз болуп жатат. Айыл аймактарда кичи мекеме ишканалар болгонда жумуш менен камсыз болгондо миграцияга баруучулардын саны бир азыраак болсо да азаймак.Мигрантардын кара тизмеге тушуп келгендер менен айыл аймагындагы ККК (кичи коомдук кенешмеси) тушундуруу иштерин жургузуп,аларды БУУнун азык-тулук долбоорунун негизинде 3-айлык курстарда 80 жаран окуутуп кесиптин ээси кылуу менен азык тулук менен камсыздалууда жана кара тизмеден чыгууга комок корсотулуудо.
Азыркы кундогу көйгөйлөрү:
. Башка мамлекеттин мыйзамын жана тилин билбегендиги.
. Мигранттын паспортунун жоктугу.
. Башка мамлекетке чыгууда жарандар оздорунун тааныштары аркылуу эмес, миграция болумуно же эмгекке каттоо болумдору аркылуу иш издоо жонундо тушунукторунун аздыгы.
. Мигранттардын айылда калган балдары менен толук кандуу иш жургузулбогондугу.
. Областа,райондо,айыл окмотундо мигранттар менен туздон-туз иш жургузуучу уюмдун жоктугу.
. Кээ бир мигранттар оздору менен бирге мектеп жашындагы балдарын алып кетип эч жерде окутбагандыгы же кыздарын окуусун бутурбой туруп,башка бироонун баласын бактыргандыгы
Багыш айыл 2024–2028 -жылдарга туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык
Программасынын иш-чаралар планы
№ |
Иш-чараларадын аталышы |
Каражат булагы |
Керек-чү каражат млн.сом |
Аткаруу мөөнөтү |
Күтүлүүчү натыйжа |
Жооптуулар |
||||||||||||
2023-жыл |
2024-жыл |
2025-жыл |
2026-жыл |
2027-жыл |
2028-жыл |
|||||||||||||
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
6 |
7 |
8 |
9 |
10 |
11 |
12 |
|||||||
1.Өнөр жай тармагында кичи жана орто ишкердүүлүктү өнүктүрүү |
||||||||||||||||||
2.1 |
Багыш айыл өкмөтүндө Аксакалдардын эс алуусу үчүн тмактануучу жай (чайхана) |
Жеке ишкер |
|
|
1 млн.сом |
|
|
|
|
Аксакалдар үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт |
Багыш айыл өкмөтү,жеке ишкер |
|||||||
2.2 |
Багыш айыл өкмөтүнүн Октябрь айылында тигүү цехи 20 машина менен ачылат |
Жеке ишкер |
|
|
1 млн. |
|
|
|
|
Жумуш орду менен 25 адам камсыздалат |
жеке ишкер |
|||||||
2.3 |
Багыш айыл өкмөтүнүн супер маркет ачылат |
жеке ишкер |
|
|
|
4 млн. |
|
|
|
Жумуш орду менен 8 адам камсыздалат |
жеке ишкер |
|||||||
|
Бардыгы 3 долбоор: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|||||||
2. Айыл чарба тармагын өнүктүрүү. |
||||||||||||||||||
3.1 |
Ири мүйүздүү малдардын породаларынан асыл-тукум фермердик чарбаларды уюштуруу |
Жеке ишкерлер |
|
|
5 млн |
|
|
|
|
Ири мүйүздүү малдардын породалары жакшырып,эт. сүт өндүрүү көбөйөт. Жаңыдан 8 адам жаңы жумуш орун түзүлөт. |
Багыш айыл өкмөтү |
|||||||
|
Бардыгы 1 долбоор: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|||||||
3. Ирригация тармагын өнүктүрүү |
||||||||||||||||||
4.1 |
Багыш айыл өкмөтүнүн Ормон каналына сугат суу үчүн скважина казуу |
Айыл өкмөт,Өнүктүрүү фонду |
Жалпы 8602276 |
|
|
8602276 |
|
|
|
Дыйкандарга сугат суу көйгөйү чечилет.Кедей-Арык айылына да короо-жайларга сугат суу менен камсыздалат |
Айыл өкмөт,Өнүктүрүү фонду |
|||||||
4.2 |
Багыш айыл өкмөтүндө Р-3 каналын тартуу |
Багыш а/ө бюджети,облуслусттук,райондук суу чарба башкармалыктары |
140,0 м.с
|
|
140,0 м.с
|
|
|
|
|
Ирригация тармагы жакшырат,дыйкандар мол түшүм алат |
Багыш а/ө бюджети 140,0 миң сом,Суу башкармалыктан техника |
|||||||
4.3 |
Багыш айыл өкмөтүнүн СПАсына техника алуу |
Долбоор |
7млн. |
|
|
|
|
7млн. |
|
|
Долбоор,айыл өкмөтүнүн салымы |
|||||||
|
Бардыгы 3 долбоор: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|||||||
4. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү, экспортко чыгаруу. |
||||||||||||||||||
5.1 |
Багыш айыл өкмөтүнө ветеринардык сервис куруу |
Багыш айыл өкмөтү,жеке ишкер
|
2 млн. |
|
|
|
2 млн. |
|
|
Айыл өкмөтүнүндөгү мал-жандыктар өз убагында эмдөөлөр жүргүзүлөт,оорулардын алдын алат |
Жеке ишкер |
|||||||
5.2 |
Багыш айыл өкмөтүндө сүт азыктарын кайра иштетүүчү кичи цех ачуу |
Жеке ишкер |
1млн. |
|
|
1млн. |
|
|
|
Табигый таза сүт азыктары менен эл камсыздалат.5 адам жумуш менен камсыздалат. |
Жеке ишкер |
|||||||
5.3 |
Багыш айылына үрөндөрдү тазалоочу цех куруу |
Жеке ишкер |
1 млн |
|
|
|
|
1 млн |
|
Айыл өкмөтүнүн тургундары таза үрөн менен камсыдалышат |
Жеке ишкер |
|||||||
|
Бардыгы 2 долбоор: |
|
||||||||||||||||
6. Инфраструктураны өнүктүрүү.(жолдор,электрификация,газдаштыруу) |
||||||||||||||||||
6.1 |
Багыш айыл аймагынын Беш-Бала айылындагы К.Жееналиев көчөсүнө 1 км 700 м, Т.Баимбетов көчөсүнө 4000м жалпысы 5,700 м аралыкка асфальт төшөө |
Багыш айыл аймагы жергиликтүү бюджет,Минтранс |
27 млн. |
|
27 млн. |
|
|
|
|
Калктын жол транспорту менен каттоосуна шарттар түзүлүп, автоунаа менен тейлөө жакшырат |
Багыш айыл аймагы жергиликтүү бюджет,демөөрчүлөр |
|||||||
6.2 |
Багыш айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылындагы К.Анарбаев көчөсүнө 650 м Молоев көчөсүнө тратуар 520 м , Кайып уулу Чолпонкул көчөсүнө 600 м жалпысы 1,720 м аралыкта асфальт төшөө |
Багыш айыл аймагы, |
12млн |
|
6млн |
6 млн |
|
|
|
Калктын жол транс порту менен каттоосуна шарттар түзүлүп, автоунаа менен тейлөө жакшырат |
Багыш айыл аймагы, инвесторлор |
|||||||
6.3 |
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы К.Тороев көчөсүнө 2 055м , Маткеримов,Дербишев, Турдукулов көчөлөрүнө 2000 жалпысы 4055 м маралыкка асфальт төшөө |
Багыш айыл аймагы, |
37 ,900 мин |
|
19млн |
18млн |
|
|
|
Калктын жол транс порту менен каттоосуна шарттар түзүлүп, автоунаа менен тейлөө жакшырат |
Багыш айыл аймагы, инвесторлор |
|||||||
6.4 |
Багыш айыл өкмөтүнүн Беш-Бала айылынын Жалал-Абад-Балыкчы жолунун жээгине тротуар курулат |
Багыш айыл аймагы,АРИС |
3,3 млн. |
|
|
3,3млн |
|
|
|
Жөө жүргүнчүлөргө жакшы шарттар түзүлөт |
Багыш айыл аймагы,АРИС |
|||||||
6.5 |
Багыш айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы С.Укеев көчөсүнө 1,500 км С.Кырбашев көчөсүнө 1,500 км Сейдахматов 600, Жоробаев , Жолоев көчөлөрүнө 1000 м Панфилов көчөсүнө 700 м жалпысы 4,700 м аралыкка асфальт төшөлөт |
Багыш айыл аймагы,республикалык бюджет,айыл тургундары |
24млн |
|
|
10150,0 |
4 млн |
10млн |
|
Калктын жол транс порту менен каттоосуна шарттар түзүлүп, автоунаа менен тейлөө жакшырат |
Багыш айыл өкмөтү,республикалык бюджет |
|||||||
6.6 |
Багыш айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын Б.Калдыбаев көчөсүнө 1500 метр С.Маматов көчөсү 3 км ,М.Атчабаров көчөсүнө 1000 метр,жалпысы 5,500 м аралыкка тротуарга асфальт басуу |
Багыш айыл өкмөтү,элдин салымы |
27 млн.сом |
|
|
27 млн.сом |
|
|
|
Жөө жүргүнчүлөргө жакшы шарттар түзүлөт |
Багыш айыл өкмөтү,элдин салымы |
|||||||
6.7 |
Багыш айыл өкмөтүнүн Багыш айылынын А.Аккозов көчөсүнө 500 метр А.Карабеков көчөсү 800 м Пачтовая көчөсү 600м С.Шахи көчөсү 500 м жалпысы 2,400 м аралыкка асфальт төшөө |
Өнүктүрүү фондунан,демөөрчүлөр |
18млн |
|
4млн 500 сом |
14 млн сом |
|
|
|
транс порту менен каттоосуна шарттар түзүлүп, автоунаа менен тейлөө жакшырат |
Өнүктүрүү фондунан,демөөрчүлөр |
|||||||
6.8 |
Октябрь-1 айылынын Юсувалиев көчөсүнө эки тарабына 2000 м тротуар куруу РТС-1 1000 м жалпысы 3000 маралыкка асфальттоо |
Өнүктүрүү фондунан,демөөрчүлөр |
12 млн |
|
4млн |
8млн |
|
|
|
|
|
|||||||
|
Бардыгы 24 долбоор: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|||||||
7. Калкты таза суу менен камсыздоону өнүктүрүү |
||||||||||||||||||
7.1 |
Октябрь айылына таза суу линияларын тартуу |
Эмират кайрымдуулук фонду |
1650,0 |
|
1650,0 |
|
|
|
|
Таза ичүүчү суу менен камсыздалат жана ден-соолугу чың болуп оору сыркоолор азаят. |
Багыш а/ө,Эмират кайрымдуулук фонду |
|||||||
7.2 |
Октябрь айылына скважина казуу |
Ассалам кайрымдуулук фонду |
4500,0 |
|
4500,0 |
|
|
|
|
Таза ичүүчү суу менен камсыздалат жана ден-соолугу чың болуп оору сыркоолор азаят. |
Багыш а/ө,Ас-Салам кайрымдуулук фонду |
|||||||
7.3 |
Октябрь айылынын Панфилов көчөсүнө 1,500м Жолоев, Жоробаев көчөлөрүнө 1,500 м Жаны-Конуш 1,500 м, Чапаев көчөсүнө 500 м аралыка таза суу түтүкчөлөрүн тартуу |
Ассалам кайрымдуулук фонду |
6,5 млн |
|
6,5 млн |
|
|
|
|
Таза ичүүчү суу менен камсыздалат жана ден-соолугу чың болуп оору сыркоолор азаят. |
Багыш а/ө,Ас-Салам кайрымдуулук фонду |
|||||||
|
Бардыгы 6 долбоор: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|||||||
8. Калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу. |
||||||||||||||||||
8.1 |
Багыш а/а Октябрь айылынын ген планын иштеп чыгуу |
Багыш айыл өкмөтү жергиликтүү бюджет,жамаат |
22500,0 |
|
|
|
5000,0 |
17500,0 |
|
Айылдын ген планы иштелип чыкса,турак-жайын куруулар планга ылайык жүргүзүлөт. |
Багыш айыл өкмөтү |
|||||||
|
Бардыгы 1 долбоор: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|||||||
9. Туризмди өнүктүрүү |
||||||||||||||||||
9.1 |
“Маркай лыжа тебүү базасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу |
жеке ишкерлер |
500,0 миң сом |
|
|
|
500,0 миң сом |
|
|
Туристердин уюшулган келүү агымы жана жерг. бюджеттин киреше көлөмү көбөйөт |
, жеке ишкерлер |
|||||||
|
Бардыгы 1 долбоор: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|||||||
10. Билим берүү тармагын өнүктүрүү |
||||||||||||||||||
10.1 |
Багыш айыл аймагындагы № 54 Т.Арзыкулова о/м жаңы имаратын куруу |
Багыш а/а,республикалык бюджет |
136000,0 |
|
136000,0 |
|
|
|
|
Мектепте окуучу-лардын билим алуусуна жакшы шарттар түзүлөт. Билим деңгээли жогорулайт. |
Багыш а/ө,республикалык бюджет |
|||||||
10.2 |
У.Абдукаимов,Т.Тайгараев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептерине орг техникаларды алуу |
Өнүктүрүү фонду |
657,0 миң сом |
|
657,0 миң сом |
|
|
|
|
Окуучулар үчүн билим алууда заманбап шарттар түзүлөт |
Өнүктүрүү фонду |
|||||||
|
Ш.Базарбаев ж.б.о.м 275 орундуу жаңы имаратынын курулушу |
Ассанабил коомдук кайрымдуулук фонду |
83 млн сом |
|
83 млн сом |
|
|
|
|
Мектепте окуучу-лардын билим алуусуна жакшы шарттар түзүлөт. Билим деңгээли жогорулайт. |
Ассанабил коомдук кайрымдуулук фонду |
|||||||
|
Бардыгы 1 долбоор: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|||||||
11. Мектепке чейинки билим берүү |
||||||||||||||||||
11.1 |
Багыш айыл өкмөтүнүн Кедей-Арык айылына бала бакча имаратын куруу |
демөөрчүлөр |
68,0 млн. |
|
|
68,0 млн. |
|
|
|
Мектепке чейинки өспүрүмдөрдүн тарбия алуусуна шарт түзүү |
Багыш а/ө,демөөрчүлөр |
|||||||
11.2 |
Багыш айыл өкмөтүнүн Беш-Бала айылына бала бакча куруу |
демөөрчүлөр |
68,0 млн |
|
|
68,0 млн |
|
|
|
Мектепке чейинки өспүрүмдөрдүн тарбия алуусуна шарт түзүү |
Багыш а/ө,демөөрчүлөр |
|||||||
11.3 |
Сафаровка айылына бала бакча куруу |
демөөрчүлөр |
68,0 млн |
|
|
|
|
68,0 млн |
|
Мектепке чейинки өспүрүмдөрдүн тарбия алуусуна шарт түзүү |
Багыш а/ө,демөөрчүлөр |
|||||||
11.4 |
Октябрь-1 айылынын РТС участкасына бала бакча куруу |
демөөрчүлөр |
35,0 млн |
|
|
|
|
35,0 млн |
|
Мектепке чейинки өспүрүмдөрдүн тарбия алуусуна шарт түзүү |
Багыш а/ө,демөөрчүлөр |
|||||||
11.5 |
Кызыл-Туу айылына бала бакча куруу |
демөөрчүлөр |
40,0 млн |
|
|
|
40,0 млн |
|
|
Мектепке чейинки өспүрүмдөрдүн тарбия алуусуна шарт түзүү |
Багыш а/ө,демөөрчүлөр |
|||||||
|
Сары-Булак айылындагы Учкун балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү |
Билим берүү министрлиги |
16 млн.сом |
|
16 млн.сом |
|
|
|
|
Мектепке чейинки өспүрүмдөрдүн тарбия алуусуна шарт түзүү |
Билим берүү министрлиги |
|||||||
|
Бардыгы 5 долбоор |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|||||||
12. Саламаттыкты сактоо тармагы |
||||||||||||||||||
12.1 |
Багыш айылына ФАПтын имаратын жаңы куруу |
Араб Эмират кайрымдуулук коому |
12 млн сом |
|
|
12 млн сом |
|
|
|
Калкты медицина-лык тейлөөлөр жакшырып, ден соолугу чыңдалат. |
Араб Эмират кайрымдуулук коому ,Багыш айыл өкмөтү |
|||||||
12.2 |
Октябрь №21 ҮДБ имаратын куруу |
Араб Эмират кайрымдуулук коому |
24 млн |
|
|
|
|
24 млн |
|
Калкты медицина-лык тейлөөлөр жакшырып, ден соолугу чыңдалат. |
Араб Эмират кайрымдуулук коому ,Багыш айыл өкмөтү |
|||||||
12.3 |
Багыш айыл өкмөтүнүн Октябрь ЖДПБнун имаратына жугуштуу оорулар бөлүмү курулат |
Саламаттыкты сактоо министрлиги,демөөрчү |
70 млн |
|
|
70 млн |
|
|
|
Калкты медицина-лык тейлөөлөр жакшырып, ден соолугу чыңдалат. |
Саламаттыкты сактоо министрлиги,демөөрчү |
|||||||
|
Бардыгы 4 долбоор |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|||||||
13. Маданият тармагы |
||||||||||||||||||
13.1 |
Багыш айыл өкмөтүндө Т.Тайгараев атындагы эс алуу паркын реконструкциялоо |
Багыш а/ө,Өнүктүрүү фонду |
18,0 млн. |
|
18,0 млн. |
|
|
|
|
Элге эс алууга жакшы шарттар түзүлөт |
Багыш а/ө,Өнүктүрүү фонду |
|||||||
13.2 |
Багыш айыл өкмөтүнүн Октябрь айылына музыкалык мектеп куруу |
Демөөрчү,Багыш айыл өкмөтү |
13 млн |
|
|
13 млн |
|
|
|
Жаш таланттуу өспүрүмдөрдүн билимин өркүндөтүлөт |
Демөөрчү ,ао |
|||||||
13.3 |
Багыш айыл өкмөтүнүн Октябрь айылына китепкана куруу |
Демөөрчү ,Багыш айыл өкмөтү |
13 млн |
|
|
13 млн |
|
|
|
Мектеп окуучуларына китеп окуугашарт түзүлөт |
Демөөрчү ,Багыш айыл өкмөтү |
|||||||
14. Стадион,мини футболдук аянтчалар |
||||||||||||||||||
14.1 |
Октябрь айылында спорт комплексин куруу |
Өнүктүрүү фонду |
36 млн |
|
36 млн |
|
|
|
|
2024-жылдын пайдаланууга берилет. Калктын спорт менен машыгууга шарттар түзүлдү. |
Багыш айыл өкмөтү,өнүктүрүү фонду |
|||||||
14.2 |
Багыш айыл өкмөтүндөгү Т.Тайгараев атындагы ж.б.о.мектебине спорт зал куруу |
Жалал-Абад өнүктүрүү фонду |
29,0 млн |
|
29,0 млн |
|
|
|
|
Окуучуларга дене тарбиясы үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. |
Багыш а/ө,Жалал-Абад өнүктүрүү фонду |
|||||||
14.3 |
Багыш айыл өкмөтүндөгү Октябрь айылынын стадионуна спорт зал куруу |
Республикалык бюджет |
58,0 млн. |
|
58,0 млн. |
|
|
|
|
Айыл тургундары үчүн спорт менен машыгууга жагымдуу шарттар түзүлөт |
Республикалык бюджет |
|||||||
15.Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, эколгоиялык коопсуздук жана айлана чөйрөнү коргоону өнүктүрүү |
||||||||||||||||||
15.2 |
Көк-Жаңгак шаарынан келүүчү сайды тазалоо |
Багыш айыл өкмөтү жергиликтүү бюджет,жамаат |
600,0 |
200,0 |
200,0 |
200,0 |
|
|
|
Калкты,эгин талаа-ларын сел,суу ташкындарынан сакталат. |
Багыш айыл өкмөтү |
|||||||
16. Айыл өкмөтүнүн ички жолдорун оңдоо |
||||||||||||||||||
12.12 |
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жаңы Конуш 1,5 метр,Чапаев көчөсүнө 700 метрге,Токтогул көчөсүнө 457 метр,РТС көчөсүнө 500 метр,Панфилов көчөсүнө 1500 метр,Кызыл-Туу айылындагы Жаңы Конушка 1000 метр,Карабаев көчөсүнө 500 метрге шагыл төшөө |
Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен |
4,5 млн |
|
4,5 млн |
|
|
|
|
Көчөлөрдүн абалы жакшырат,автоунаа айдоочуларына шарттар түзүлөт |
Багыш айыл өкмөтү |
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Ы. Алимбекова
Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын
Айыл Өкмөтү
Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака
Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын
Айыл Өкмөтү
Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака
Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын
Айыл Өкмөтү
Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака
Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын
Айыл Өкмөтү
Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака
Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын
Айыл Өкмөтү
Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака
Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын
Айыл Өкмөтү
Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака
70921-Орто мектептер бөлүмү : 20,0 миң сом.
- статьясына У.Абдукаимов орто мектебине - 20,0 миң сом.
70911-Бала бакча бөлүмүнө: 30,3 миң сом.
тинике алууга) - 30,3 миң сом.
71092-Социалдык камсыз кылуу бөлүмүнө: жалпы 60,0 миң сом
-2721-статьясына материалдык жардамга 40,0 миң сом, Чотуровго материалдык жардамга 20,0 миң сом, жалпы 60,0 миң сомдук акча каражатын жогоруда аталган беренелерге бекитип берилсин.
Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын
Айыл Өкмөтү
Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака
Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын
Айыл Өкмөтү
Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака
Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын
Айыл Өкмөтү
Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака