Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

2024-02-05 күнү жарыя болгон токтомдор

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Пугачев
кѳчѳсүнѳ Суеркулов Пайзилланын 
ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXVII– СЕССИЯСЫНЫН
Т О К Т О М У

29-декабрь 2024-жыл
№ 1

Октябрь айылы
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Пугачев кѳчѳсүнѳ Суеркулов Пайзилланын ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/10 11.01.2024-жылдагы «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Багыш айылынын Пугачев кѳчѳсүнѳ Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, ветераны Суеркулов Пайзиланын ысымын ыйгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 17.01.2024-жылдагы протоколдук чечимин угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши
токтому кылат:

  1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Багыш айылындагы Пугачев кѳчѳсүнѳ Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Суеркулов Пайзиланын ысымы ыйгарылсын.
  1. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу У.Жолборсовго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
  2. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Төрага:
Ж. Сейдахматов

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь 
айылынын РТС участкасындагы аты жок 
жаңы кѳчѳгѳ коомдук ишмер Маманов 
Кѳчкѳнбайдын   ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXVII– СЕССИЯСЫНЫН
Т О К Т О М У

29-январь 2024-жыл
№ 2

Октябрь айылы
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылынын РТС участкасындагы аты жок жаңы кѳчѳгѳ коомдук ишмер Маманов Кѳчкѳнбайдын ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/06 11.01.2024-жылдагы «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылынын РТС участкасындагы аты жок жаңы кѳчѳгѳ коомдук ишмер Маманов Кѳчкѳнбайдын ысымын ыйгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 17.01.2024-жылдагы протоколдук чечимин угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши
токтому кылат:

  1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь айылынын РТС участкасындагы аты жок жаңы кѳчѳгѳ коомдук ишмер Маманов Кѳчкѳнбайдын  ысымы ыйгарылсын.
  1. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу У.Жолборсовго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
  1. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Төрага:
Ж. Сейдахматов

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу 
«Таалимтай» мектепке чейинки билим 
берүү уюмуна кошумча 
тайпаларды ачуу жѳнүндѳ

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXVII– СЕССИЯСЫНЫН
Т О К Т О М У

29-январь 2024-жыл
№ 3

Октябрь айылы
Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Таалимтай» мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча тайпаларды ачуу жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын 28-январындагы №01-15/98/1 «Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Таалимтай» мектепке чейинки билим берүү уюмунда «Келечек үчүн билим берүү» долбоору ишке ашып, беш бѳлмѳлүү имараты толук капиталдык ремонттон ѳткѳрүлүп жана бардык эмеректер менен камсыздалганына байланыштуу, «Таалимтай» мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 2 тайпа ачуу боюнча уруксат берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши
токтому кылат:

  1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу  ««Таалимтай» мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 2 тайпа ачууга 01.03.2024-жылдан тартып уруксат берилсин.
  1. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу У.Жолборсовго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
  1. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Төрага:
Ж. Сейдахматов

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 
№01-15/104 30.01.2024-жылдагы 
кайрылуусун кароо жѳнүндѳ

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXVII– СЕССИЯСЫНЫН
Т О К Т О М У

29-январь 2024-жыл
№ 4

Октябрь айылы
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №01-15/104 30.01.2024-жылдагы кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/104 30.01.2024-жылдагы «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылынын туругуну З. Бегимкулованын турак жай салууга жер тилкесин бѳлүп берүү жана РТС участкасындагы калктуу конуштун бош турган 0,08 гектар жер тилкесин турак жай салууга бѳлүп берүүгѳ уруксат берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши
токтому кылат:

  1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь айылынын РТС участкасындагы калктуу конуштун бош турган 0,08 гектар жер тилкесин турак жай курууга бѳлүп берүүгѳ мыйзам чегинде уруксат берилсин.
  1. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу У.Жолборсовго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
  1. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Төрага:
Ж. Сейдахматов

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 
№01-15/852 30.10.2023-жылдагы 
кайрылуусун кароо жѳнүндѳ

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXVII– СЕССИЯСЫНЫН
Т О К Т О М У

29-январь 2024-жыл
№ 5

Октябрь айылы
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №01-15/852 30.10.2023-жылдагы кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/852 30.10.2023-жылдагы «Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь айылынын РТС участкасында, Багыш айылында турак жай тилкелерине укук аныктоочу документ жоктугуна байланыштуу, мыйзамдаштырып берүү жѳнүндѳ кайрылуусун жана Сузак райондук «Кадастр» ишканасынын кортундусунун карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши
токтому кылат:

  1. Кайрылууда кѳрсѳтүлгѳн Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь айылынын РТС участкасында, Багыш айылында турак жай тилкелерин Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2002-жылдын 06-майындагы №177 токтому менен бекитилген жобонун жетекчиликке алып, мыйзам чегинде иш алып барууга уруксат берилсин.
  2. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу У.Жолборсовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Багыш айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук  тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы К.Маматалиевге жүктѳлсүн.
  4.  Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Төрага:
Ж. Сейдахматов