Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

2024-04-05 күнү жарыя болгон токтомдор

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Бириккен Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



Бириккен Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кенешинин уюштуруу сессиясынын
Т О К Т О М У

20-февраль 2024-жыл
№ 1

Октябрь айылы
Бириккен Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,
токтому кылат:

1.Бириккен Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №1 протокол бекитилсин. 2. Бириккен Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кеңешинин Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович шайланган төрагасы деп таанылсын. 3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Тѳрайым:
А. Бердикожоева

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы бириккен Багыш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

№ 1 ПРОТОКОЛ

2024-жылдын 19-февралы                                                                                              Беш-Бала айылы

Төрагалык кылуучу                                                                         А.Бердикожоева

Сессиянын катчысы                                                                        Г.Давлетова

Катышкандар:

Бириккен Багыш айылдык кеңешинин жалпы  депутаттарынын саны 52, анын ичинен катышкандары -42

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына,    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаныгн алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ  Убактылуу жобого ылайык,  төрайымдык кылуучу А.Бердикожоева бириккен   Багыш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча ачык добуш берүүнүн тартиби менен тааныштырды.

Бириккен   Багыш айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна 2 талапкер – Сузак районундагы Багыш айыл аймагын түзгѳн айылдык кеңештердин тѳрагалары ат салышкан.

1. Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович - Багыш айылдык кеңештин тѳрагасы;

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча тѳмѳндѳгүлѳр аныкталды:

1. Бириккен Багыш айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы саны - 52(Элүү эки) түзөт.

2.Ачык добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны – 42 (Кырк эки)

3. Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны: 

2. Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович - 42 (Кырк эки) добуш.

Сузак районундагы бириккен Багыш айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна ар бир талапкер боюнча ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталды, ага ылайык депутаттардын кѳпчүлүк  добушун алган талапкер Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович бириккен Багыш айылдык кеңешинин шайланган төрагасы   деп таанылды.

 

Төрагалык кылуучу                                                                      А.Бердикожоева

Сессиянын катчысы                                                                      Г.Давлетова

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Багыш айылдык кеңешинин 
тѳрагасынын орун басарларын 
шайлоо жөнүндө

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



Бириккен Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кенешинин уюштуруу сессиясынын
Т О К Т О М У

20-февраль 2024-жыл
№ 2

Октябрь айылы
Багыш айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 41-беренесинин негиздеп, Багыш айылдык кеңеши
токтому кылат:

1. Багыш айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басарлары болуп Кулуев Тынчтыкбек жана Казакбаев Куватбек шайлансын.

2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.

3.Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Төрага:
Ж. Сейдахматов