Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

2022-05-23 постановления объявленные в этот ден

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XII сессия ТОКТОМ 1
Т О К Т О М У

17-май 2022-жыл
№ 1

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пунктун негиздеп, Багыш айыл өкмөтүнүн №01-15/213 30.03.2022-жылдагы «Кѳк-Арт РЭТ-нин жетекчиси Р.А.Алдосовдон Ленин кѳчѳсүнѳ 300 метр чубалгы тартууга жана орното турган трансформатордун ээлеген жерине жер тилкесин бѳлүп берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап жана талкуулап
токтому кылат:

  1. Багыш айыл өкмөтүнүн Ленин кѳчѳсүндѳ жайгашкан 300 метр электр чубалгы жана трансформатордун ээлеген жер тилкесин пайдаланууга Кѳк-Арт РЭТ-ке бѳлүп берүүгѳ уруксат берилсин.
  2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Ж.Т.Маматовго жүктѳлсүн.
  3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XII сессия ТОКТОМ 2
Т О К Т О М У

17-май 2022-жыл
№ 2

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айыл өкмөтүнүн №01-15/212 30.03.2022-жылдагы «Кѳк-Арт РЭТ-нин жетекчиси Р.А.Алдосовдон Мичурин кѳчѳсүнѳ 200 метр чубалгы тартууга жана орното турган трансформатордун ээлеген жерине жер тилкесин бѳлүп берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап жана талкуулап
токтому кылат:

Багыш айыл өкмөтүнүн Мичурин кѳчѳсүндѳ жайгашкан 200 метр электрn чубалгы жана трансформатордун ээлеген жер тилкесин пайдаланууга Кѳк-Арт РЭТ-ке бѳлүп берүүгѳ уруксат берилсин

Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Ж.Т.Маматовго жүктѳлсүн.

Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XII сессия ТОКТОМ 3
Т О К Т О М У

17-май 2022-жыл
№ 3

Октябрь айылы
Октябрь айылы
«Ак ниет» коомдук кыймылынын тѳрагасы Б.Ибрагимовдун «Ленин айыл ѳкмѳтү колдонуп жаткан 290 га жер, мурда «Дружба» совхозуна караган статусун аныктоо боюнча №34 контурда жайгашкан 84 га сугат айдоо жери, Кѳк-Арт айыл ѳкмѳтүнѳ чечимсиз ѳтүп кеткени боюнча убактылуу түзүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап, талкуулап
токтому кылат:

1. Багыш айыл өкмөтүнѳ караштуу  №34 контурда жайгашкан 84 га сугат айдоо жер аянты Кѳк-Арт айыл ѳкмѳтүнѳ чечимсиз ѳтүп кеткени боюнча териштирүү үчүн убактылуу комиссиянын курамына тѳмѳндѳгү депутаттар сунушталсын:

  • Джумабаев Кеңешбек;
  • Кулуев Тынчтык;
  • Сапарбаев Медербек;
  • Дарбанов Дѳѳлѳтбек;

2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Ж.Т.Маматовго жүктѳлсүн.

3.Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VI-ЧАКЫРЫЛЫШ XII - СЕССИЯ токтом 4
Т О К Т О М У

17-май 2022-жыл
№ 4

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагынан ѳтүү пландалып мамлекеттик денгээлде жүргүзүлүп жаткан «Балыкчы-Жалал-Абад» альтернативдик автожолун куруу үчүн Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 30-апрелиндеги №107-б сандуу буйругунун негизинде «Балыкчы-Жалал-Абад» альтернативдик автожолунун Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аймагынан Таш-Булак айыл ѳкмѳтүнѳ чейинки 6 км 400 метр, Сары-Булак айылынан 0,69 га турак жай жер аянты, Сары-Булак айылынан 0,32 га жол боюндагы жер аянты, Багыш, Кызыл-Туу айылдарында жайгашкан №638, №641 контурларынан 1,02 га айыл чарба багытындагы үлүш жер аянты, №713 контурунан 28,85 га жайыт жер аянты, жалпысы 30,88 га жер аянтын ѳнѳр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жер аянттарына которууга уруксат берүү жѳнүндѳгү Багыш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 12-майындагы №01-15/324 жылдагы кайрылуусун карап жана талкуулап
токтому кылат:

  1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагынан ѳтүү пландалып мамлекеттик денгээлде жүргүзүлүп жаткан «Балыкчы-Жалал-Абад» альтернативдик автожолун куруу үчүн Сары-Булак айылынан 0,69 га турак жай жер аянты, Сары-Булак айылынан 0,32 га жол боюндагы жер аянты, Багыш, Кызыл-Туу айылдарында жайгашкан №638, №641 контурларынан 1,02 га айыл чарба багытындагы үлүш жер аянты, жалпысы 30,88 га жер аянтын  ѳнѳр жай, транспорт, байланыш жана  башка багыттагы жер аянттарына которууга (трансформациялоо) жана  «Балыкчы-Жалал-Абад» альтернативдик автожолун курууга ажыратылып берүүгѳ уруксат берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
  3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XII сессия ТОКТОМ 5
Т О К Т О М У

17-май 2022-жыл
№ 5

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айылынын тургуну К.Канназаровдун «Багыш айылындагы жаңы конушуна Энназаров Абдубаит атын коюуга уруксат берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана жаңы конуштун тургундарынын макулдугунун негизинде карап, талкуулап
токтому кылат:

  1. Багыш айыл өкмөтүнѳ караштуу Багыш айылынын жаңы конушуна Энназаров Абдубаиттин атын коюуга уруксат берилсин.
  2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Ж.Т.Маматовго жүктѳлсүн.
  3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XII сессия ТОКТОМ 6
Т О К Т О М У

17-май 2022-жыл
№ 6

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш Жайыт пайданалуучулар бирикмесинин тѳрагасы К.Калдыбаевдин 11.05.2022-жылдагы «Спец.техникага дѳңгѳлѳк жана аккумулятор алуу үчүн 135,0 миң сом бѳлүп берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап жана талкуулап
токтому кылат:

  1. Багыш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 6-айында пландан ашыкча түшкѳн акча каражат эсебинен Багыш Жайыт пайданалуучулар бирикмесине   атайын техникага дѳңгѳлѳк жана аккумулятор алуу үчүн 135,0 миң сом бѳлүнүп берилсин.
  2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Ж.Т.Маматовго жүктѳлсүн.
  3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.