Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

2023-01-23 постановления объявленные в этот ден

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XVII сессия ТОКТОМ 4
Т О К Т О М У

02-декабрь 2022-жыл
№ 4

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 10.11.2022-жылдагы № 01-15/812 «Багыш айыл ѳкмѳтү 2022-жылдын 16-сентябрында Баткен областында болгон кандуу кармашууда каза болгон жоокер Карыбеков Нурисламдын ысымын ѳзү билим алган №9 И.В. Мичурин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине ыйгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун, Багыш айылдык кеңешинин социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин, №9 И.В. Мичурин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеп жамаатынын «Мектептин аталышы И.В.Мичурин бойдон калсын деген» кайрылуусун, Октябрь айылынын Жаңы-Конушунун тургундарынын макулдук протоколдук чечими жана сессияда депутаттардын «Октябрь айылынын Жаңы-Конушуна «Айыл» макамын берип, айылга маркум жоокер Карыбеков Нурисламдын ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ» сунуштарын карап, талкуулап
токтому кылат:

  1. Багыш айыл өкмөтүнѳ караштуу Октябрь айылынын Жаңы-Конушуна  «Айыл» макамын берүү боюнча макулдук берилсин жана «Айыл» макамын алуу үчүн  иш жүргүзүлсүн.
  2. Октябрь айылынын Жаңы-Конушу «Айыл» макамын алгандан кийин, айылга маркум жоокер Карыбеков Нурисламдын ысымы ыйгарылсын.
  3. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысынын м.а. У.Жолборсовго  жүктѳлсүн.
  4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Г. Арипова
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XVII сессия ТОКТОМ 5
Т О К Т О М У

02-декабрь 2022-жыл
№ 5

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 02.12.2022-жылдагы № 01-15/892 «Октябрь айылынын Жаңы-Конушуна электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында 26 электр мамыча 208,0 миң сомго алуу зарыл экендиги жѳнүндѳ» кайрылуусун карап, талкуулап
токтому кылат:

  1. Октябрь айылынын Жаңы-Конушуна электр мамычаларын сатып алуу үчүн Багыш айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджеттин 01.01.2023-жылга карата 2022-жылдын калдыктарынын эсебинен 208,0 миң сом бѳлүнүп берилсин.
  2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысынын м.а. У.Жолборсовго  жүктѳлсүн.
  3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Г. Арипова
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XVII сессия ТОКТОМ 6
Т О К Т О М У

02-декабрь 2022-жыл
№ 6

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 14.10.2022-жылдагы № 01-15/753 «Багыш айылынын тургуну Аккозов Сабырбектин 0,04 га жер аянтын дүкѳн салуу үчүн муниципалдык менчикке алуу жана жеке менчикке берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап, талкуулап
токтому кылат:

  1. Багыш айылындагы 0,04 га жер аянты Багыш айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине алынсын жана жеке менчикке мыйзам чегинде берилсин.
  2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысынын м.а.У.Жолборсовго  жүктѳлсүн.
  3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Г. Арипова
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XIX сессия ТОКТОМ 1
Т О К Т О М У

16-январь 2023-жыл
№ 1

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын 11-январындагы №01-15/09 сандуу “Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ой-Талаа участкасынан 290 га сугат айдоо жер тилкелерин эл аралык аэропорт куруу үчүн макулдук чечимин чыгаруу ” жана Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын 12-январындагы №01-15/12 сандуу “Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ой-Талаа участкасына эл аралык аэропорт курулуп жаткан 290,91 га жердин ичинен, элдин 152,91га үлүш сугат айдоо тилкелерин мамлекетик фондунун жеринен которуу” боюнча кайрылууларын карап чыгып
токтому кылат:

  1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ой-Талаа участкасындагы 290, га  сугат  айдоо жер тилкеси эл аралык аэропорт куруу үчүн ажыратылып берилсин жана ажыратылган жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.
  2. Элдердин 152,91га үлүштүк айдоо жерлери мамлекеттик фондунун жерине которууга макулдук берилсин.
  3. Багыш айыл аймагынын Ой-Талаа участкасындагы мамлекеттик менчикте турган №20а-контурундагы 4,87 га,№23-контурундагы 5,59 га,№14а-контурундагы 38,04га,№35-котурундагы 38,53га,№35а-контурундагы 85,0га №56-контурундагы 70,53га,№71-контурундагы 38,26га,№71а-контурундагы 1,0га,№11а-контурундагы 5,05га же 286,87 га айыл чарбасынын сугат айдоо жерлери,№69-контурундагы 0,18га,№58-контурундагы 0,70га,№11-контурундагы 0,18 га,№58-контурундагы 0,70га,№11-контурундагы 0,21га же 1,09га көп жылдык бак дарактар ээлеген жерлерин же жалпы 287,96 га айыл чарба жерлерине Эл аралык маанидеги аэропортун куруу үчүн Айыл чарба жерлери категориясынан,Өнөр жай,транспорт,байланыш,коргоо жана башка багыттагы жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.  
  4. Токтомдун аткарылышы жана мыйзамдуулугу Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы  Н.Самидиновго  милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
  6. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндѳн  тартып күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.