Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

2023-05-12 постановления объявленные в этот ден

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XX сессия ТОКТОМ 1
Т О К Т О М У

20-февраль 2023-жыл
№ 1

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүгүн бекитүү, 2024-2025-жылдарга божомолу жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Н.Самидиновдун сунушун угуп, талкуулап жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын 10.02.2023-жылдагы №3 протоколдук чечимин жетекчиликке алып
токтому кылат:

  1. Багыш айыл өкмөтүнүн 2023-жылга  жергиликтүү бюджетинин кирешелери жалпы 33273,6 миң сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 28773,6миң сом, атайын каражаттар 4500,0 миң сом жана чыгашалары 33273,6 миң сом ѳлчѳмүндѳ №1 тиркеме ылайык аткарылышы бекитилсин.
  2. Жерлигиктүү бюджеттин киреше бѳлүгүнүн божомолу 2024-жылга  40670,6  миң сом, 2025-жылга 43337,6 миң сом  ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
  3. Айыл ѳкмѳтүнүн бюджеттик чыгымдары бѳлүмдѳр аралык жана статьялар аралык бѳлүнүшү 33273,6 миң сом ѳлчѳмүндѳ №2 тиркеме ылайык бекитилсин.
  4. 2023-жылга электр энергиясынын лимити Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 20.06.2018-жылдагы №208-сандуу буйругуна ылайык бюджеттик мекеме-уюмдар боюнча бѳлүнүшү 652,3  миң квт ѳлчѳмүндѳ №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.Коммуналдык кызматтар жана жумуштарын (кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн) аткарылган кѳлѳмдѳрү боюнча карыздарды ѳз убагында жабуу үчүн айыл ѳкмѳт башчысы кѳзѳмѳл жүргүзсүн.
  5. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 27.12.2016-жылдагы №701 токтомуна ылайык күнүнѳ жергиликтүү бюджеттен кенже тайпаларга 13 сомдон, ортоңку жана жогорку тайпаларга 18 сомдон акча каражаты №4 тиркемеге ылайык 2656,5 миң сомго бекитилсин, атайын каражат тѳлѳмдѳрү (балдар бакчаларынын ата-энелер тарабынан жыйналуучу каражат) балдардын тамак-ашына жана башка чыгымдарына 4500,0 миң сом багытталып, казыналык система аркылуу №5 тиркемеге ылайык пайдаланылсын.
  6. Кыргыз Республикасынын Бюджетинин Кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 287,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул Кодексте кѳрсѳтүлгѳн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
  7. Айыл ѳкмѳтүнүн башкаруу бѳлүмүнүн типтүү түзүмү жана штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403, 01.03.2017-ж. №131 жана 07.08.2017-жылдагы №466 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы тѳлѳѳ шарттары жѳнүндѳ» токтомунун негизинде № 6 тиркемеге ылайык, эмгек акы тѳлѳѳ фонду 11690,2 миң сом, соц.фонд 1443,0 миң сом 32 штат бирдиги менен бекитилсин.
  8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдын «Айылдык кенештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» №64 токтомуна ылайык Багыш айылдык кеңешинин чыгымдары жергиликтүү бюджет эсебинен эмгек акы 1087,4 миң сом, соц.фонд тѳлѳмдѳрү 139,8 миң сом, кызматтык сапар чыгымдары 15,0 миң сом, 2212 беренесине 14,0 миң сом, 2215 беренесине 20,0 миң сом, 2222 беренесине  40,0 миң сом токтомдун №7 тиркемесине ылайык 2 штаттык бирдиги менен бекитилсин.
  9. Жайыт пайдалануудан чогулуучу каражаттарды ѳндүрүү жагы жайыт комитетинин тѳрагасы К.Калдыбаевке милдеттендирилсин. Жайыт жерлерине социалдык взносторду тѳлѳѳ жагы жайыт жерлерди пайдалануучу ижарачыларга жүктѳлсүн жана жайыт пайдалануудан түшкѳн акча каражаттардын эсеби 675,7 миң сом ѳлчѳмүндѳ  №8 тиркемеге ылайык жалпы жайыт комитетинин чыгашасы 450,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
  10. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 31.01.2012-жылдагы №66 токтомунун негизинде айыл ѳкмѳтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги  № 9 тиркемеге ылайык кармалсын жана эмгек акы тѳлѳѳ фонду 1911,8 миң сом ,соц.фонд тѳлѳмдѳрү 329,8 миң сом ѳлчѳмүндѳ 10 штат бирдиги менен бекитилсин.
  11. Сапар чыгымдары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 26.08.2008-жылдагы №471 жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 11.05.2016-жылдагы №241 токтомдоруна ылайык жумшалсын.
  12. Айыл ѳкмѳтүнүн кызматтык автоунаасынын чыгымдары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 30.04.2022-жылдагы №770 токтомунун негизинде жумшоосу менен №10 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  13. 2023-жылга башкаруу бѳлүмүнүн 2212 беренеси 70,0 миң сом, 2214 беренеси 303,4 миң сом, 2215 беренеси 1799,1миң сом, 2211 беренеси 74,4 миң сом, чарбалык буюмдарды 2222 беренеси 50,0 миң сом, 2231 беренесине 14,4 миң сом, 3112 беренесине 60,0 мин сом ѳлчѳмүндѳ №13 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  14. 2023-жылга турак жай коммуналдык чарбасынын чыгымдары 2213 беренеси 2,0 миң сом, 2211 беренесине 100,0 мин сом, 2215 беренеси ар түрдүү чыгымдар суммасы 441,2 миң сом,  2221 беренеси 800,0 миң сом, 2222 беренесине 5,0 миң сом, 3111 беренеси 1708,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ 3112 беренеси 135,0 мин сом, 3113 беренеси 60,0 мин сом менен №11 тиркеме ылайык бекитилсин.
  15. 2023-жылга маданият бѳлүмүнүн чыгымдары №12 тиркеме ылайык 2211 беренеси 8,0 миң сом, 2215 беренеси 100,0 миң сом, 2222 беренесине 10,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
  16. 2023-жылга билим берүү бѳлүмүнүн  чыгымдары 2211 беренеси 30,0 миң сом, 2212 беренеси 15,0 миң сом, 2213 беренесине 270,0 миң сом, 2215 беренеси 226,0 миң сом, 2218 беренесине 2656,5 миң сом,  2222 беренеси 129,6 миң сом, кѳмүр сатып алуу 2224 беренеси 1245,0 миң сом, 2231 беренесине 83,0 миң сом, имараттар жана курулмалар чыгымдары 3112 беренеси 20,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ №17 тиркемелерге бекитилсин.
  17. 2023-жылга элге социалдык коргоо бѳлүмүнүн чыгымдары 2721 беренеси 350,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ №14 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  18. Мектепке чейин билим берүу уюмдарындагы ата-энелерден 1 күн тѳлѳнүүчү каражат Кун-Нуру, Ай-Нуру, Разыбек ,Таалимтай жана Кенжетай МЧББУ-ларга, 1-март 2023-жылдан баштап 60 сом, Ж.Боконбаев м.ч.б.б.у 45 сом  ѳлчѳмүндѳ тѳлѳѳ  белгиленип,  чогулган акча каражаты бюджетке толугу менен тѳлѳнүп иштетүү жагы уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин, аталган тартип бузуулар аныкталса 100% республикалык бюджетке чегерүү белгиленсин.
  19. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акылары жана салыктарды ѳз убагында толук ѳндүрүү жагын камсыз кылуу ага салык инспекторуна жеке милдеттендирилсин.
  20. 2023-жылдын чыгаша бѳлүгүндѳ кѳрсѳтүлгѳн бюджеттин чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы «Мамлекеттик сатып алуулар жѳнүндѳгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Н.Самидиновго милдеттендирилсин.
  21. Бекитилген бюджетке ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык жүргүзүлсүн.
  22. Айылдарга иш-план боюнча бѳлүнгѳн каражаттардын МСА порталынан үнѳмдѳлгѳн кѳлѳмү, башка айылдардын чечилбей калган муктаждыктарына жумшоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Н.Самидиновго милдеттендирилсин.
  23. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
  24. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XX сессия ТОКТОМ 2
Т О К Т О М У

20-февраль 2023-жыл
№ 2

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттерде, бюджетти аткаруу процессинде алынган кошумча кирешелерди жана жүргүзүлгѳн чыгымдардын үнѳмдѳлгѳн суммаларын пайдалануу тартиби жѳнүндѳ методикалык кѳрсѳтмѳ» токтомунун долбооруна ылайык, 2023-жылдын 1-январына калган 6144,7 мин сомдук калдыкты бѳлүштүрүү жана каржылоо жѳнүндѳ финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Б.Хасимованын сунушун угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын 09.02.2023-жылдагы №3 протоколдук чечимин жетекчиликке алып
токтому кылат:

  1. Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына ылайык Багыш айыл өкмөтүнүн 2022-жылы мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыя берилип, келишим түзүлүп каржыланбай калган келишимдерди каржылоого жумшалсын:

1.1. Кызматтык сапар чыгымдарына - 14,4 (Он тѳрт миң тѳрт жүз ) миң сом;

1.2. Жеке ишкер Казакбай кызы Асельге  кеңсе буюмдарга 28,4 (Жыйырма сегиз миң тѳрт жүз) миң сом, келишим №115 22.06.2022-жыл;

1.3. Жеке ишкер Исаков Дусмухаммадга  ремонт иштерине 60,0 (Алтымыш миң ) миң сом, келишим №129  06.07.2022-жыл;

1.4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасына электрондук кызмат үчүн  3,4 (Үч миң тѳрт жүз) сом келишим №153 08.08.2022-жыл;      

1.5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы окуу борборуна  окуу курсу үчүн  2,0 (Эки миң) миң сом, келишим №197 28.10.2022-жыл;                         

1.6. Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясына  карта кѳчүрмѳгѳ 60,1 (Алтымыш миң бир жүз) миң сом, келишим №213  15.11.2022-жыл;

1.7. Кыргыз Улуттук электр тармактар ишканасына  Кедей-арык бала бакчасына корутунду үчүн  5,6 (Беш миң алты жүз) миң сом, келишим №205  16.11.2022-жыл;

1.8. Жеке ишкер Коконова Гулнурага учурдагы оңдоого 9,9 (Тогуз миң тогуз жүз) миң сом келишим №263  28.11.2022-жыл;

1.9. Сузак райондук шаар куруу мамлекеттик архитектура боюнча ишканасына архитектуралык иш кагаздарына 12,9 (Он эки миң тогуз жүз) миң сом, келишим №226  01.12.22-жыл;

1.10. Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясына изилдѳѳ долбооруна 1,4 (Бир миң тѳрт жүз) миң сом, келишим №269  28.12.2022-жыл;

1.11.“Садыр-Бий” Жоопкерчилиги чектелген коомго Сары-Булак айылына шагыл тѳшѳѳ иштерине 52,5  (Элуу эки миң беш жүз) миң сом, келишим № 266 27.12.2022-жыл;

1.12. Жалал-Абад областык санитардык эпидемиологиялык станциясына  дезинфекциалоо иштерине  13,9 (Он үч миң тогуз жүз отуз эки) миң сом, келишим №120  28.06.2022-жыл;

1.13. Жеке ишкер Калилов Нурбеке Исманалиев атындагы орто мектебине труба алууга 20,0 (Жыйырма миң) миң сом, келишим №270  28.12.2022-жыл;

1.14. Ниязов Алмазбеке  адвокат кызматы үчүн  10,0 (Он миң) миң сом келишим №272 30.12.2022-жыл;

1.15. Жеке ишкер Казакбай кызы Асельге кеңсе буюмдарга 5,0 (Беш миң) миң сом келиши №113 21.06.2022-жыл;

1.16. “Асема”  Жоопкерчилиги чектелген коомго Тайгараев атындагы орто мектебине учурдагы оңдоого 242,1 (Эки жүз кырк эки миң бир) миң сом, келишим №251 20.12.2022-жыл;

1.17. “Садыр-Бий” Жоопкерчилиги чектелген коомго шагыл тѳшѳѳ иштерине 37,0 (Отуз жети миң ) миң сом, келишим №265  27.12.2022-жыл;

1.18.  Ар түрдүү күтүлбѳгѳн чыгымдарга (архитектура, кадастр, электро тармактар ишканасына)   319,1(Үч жүз он тогуз миң бир жүз) миң сом;

          

 2.  Проектерди колдоо : 5247,0 ( Беш миң эки жүз кырк жети миң) миң сом.

 (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дем беруучу гранты аркылуу “Токтогул сом кѳчѳсүнѳ асфальт тѳшѳѳ” долбоорунун ѳздүк салымы 1447,0 (Бир миллион тѳрт жүз кырк жети) миң сом. Спорт комплекс куруу үчүн долбоордун уруксат кагаздарын даярдоого 300,0 (Үч жүз миң) миң сом, “Касса-1000” долбоорун ѳздүк салымы 800,0(Сегиз жүз миң) миң сом, Кыргыз Республикасынын Экологиялык фонду аркылуу таштанды чыгаруучу машина алуу учун оздук салымы -1200,0 (Бир миллион эки жүз) миң сом, Сузак райондук ѳнүктүрүү фонду жана Кыргыз Республикасынын Экологиялык фонду аркылуу “Октябрь айылында жайгашкан Т.Тайгараев эс алуу паркын реконструкциялоо” долбоорун ѳздүк салымы- 1500,0 (Бир миллион беш жүз) миң сом.)                                   

3. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин бекитилген планына ѳзгѳртүү киргизүү  Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

4.Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнѳ милдеттендирилсин.

 5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

 6.Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XX сессия ТОКТОМ 3
Т О К Т О М У

20-февраль 2023-жыл
№ 3

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Н.Самидиновдун кайрылуусун, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ата-энелер комитетинин протоколдук чечимдеринин угуп, талкуулап жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын 09.02.2023-жылдагы №3 протоколдук чечимин жетекчиликке алып,
токтому кылат:

  1. Багыш айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсеп счетунда 2023-жылдын 01-январына карата 843,8 миң сом калдык калган , Багыш айыл ѳкмѳтүндѳ 2022-жылда аткарылбай калган жумуштарды аткаруу максатында тѳмѳндѳгүдѳй бѳлүнсүн:  

            

           70111- Башкаруу болумуно:

1.1.   Канцелярдык товар алууга         (2222)   -    2,5 миң сом                   

           Бардыгы:                                                                              -    2,5 мин сом

 

           70911- Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине:

 

            2.1.  Имаратты ондоо (балдар ойноочу аянтча)  

                    Күн-Нуру мектепке чейинки билим берүү

                    мекемеси:                                                                             (2221)    -305,1 миң сом;

            2.2.   Разыбек мектепке чейинки билим берүү

                    мекемесине (карусель, отургуч  жасоо)                                 (3111)    -  88,0 миң сом;                                                                               

            2.3.  Мектепке чейинки билим берүү

                    мекемелерине кеңсе жана  чарбалык 

                    товар  алууга                                                                        (2222)    - 34,2 миң сом;

            2.4. Ай-Нуру мектепке чейинки билим берүү

                    мекемесине кѳмүркана курууга                                         (3111)    -102,1 миң сом;

            2.5  Тамак-аш азык-түлүктѳрүн алууга                                    (2218)     -311,9 миң сом;

                              Бардыгы:                                                                                 - 841,3миң сом

 

Бардыгы: 841,3 миң сом акча каражаты бюджеттик классификацияга ылайык  бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XX сессия ТОКТОМ 8
Т О К Т О М У

20-февраль 2023-жыл
№ 8

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 17.02.2023-жылдагы № 01-15/129/1 сандуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык жана 2023-2025 жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө» ПЖ №305-Жарлыгын турмушка ашырууга айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан ЖОБОну бекитип берүү жөнүндө» кайрылуусун карап, талкуулап
токтому кылат:

  1. Багыш  айыл ѳкмѳтүнүн аймагында Кыргыз  Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы  «Улуттук тазалык жана 2023-2025 жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура  түзүү боюнча»  айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан ЖОБО № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Н.Ж. Самидиновго жүктѳлсүн.
  3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XX сессия ТОКТОМ 10
Т О К Т О М У

20-февраль 2023-жыл
№ 10

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 15.01.2023-жылдагы № 01-15/130 Багыш айыл өкөтүнүн аймагында Октябрь айылындагы Б.Калдыбаев көчөсүндө жайгашкан Советтер Союзунун Баатыры Т.Тайгараев атындагы эс алуу паркын калбына келтирүү жана куруу үчүн кайрылуусун карап, талкуулап
токтому кылат:

  1. Багыш айыл өкөтүнүн аймагында  Октябрь айылындагы Б.Калдыбаев көчөсүндө жайгашкан Советтер Союзунун Баатыры Т.Тайгараев атындагы эс алуу паркын калбына келтирүү жана куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1500,0 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты долбоорлордуу колдоо беренесинен бөлүнүп берилсин.
  2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Н.Ж. Самидиновго жүктѳлсүн.
  3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.

Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
Ак-Терек айыл
аймагынын Айыл Өкмөтү

Октябрь айылы

Кыргызская Республика
Ысык-Кульская область
Тонский район
Айыл окмоту Ак-Терекского
Айыльного Аймака



VII чакырылыш XX сессия ТОКТОМ 11
Т О К Т О М У

20-февраль 2023-жыл
№ 11

Октябрь айылы
Октябрь айылы
Багыш айылдык аймагынын ИАС-КВнын төрайымы А.Кожонова “CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун” алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча кеңири маалыматын, сунуш катын угуп жана талкуулап,
токтому кылат:

  1. “CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун” алкагында өткөрүлгөн 2-циклдын фокус-топторунун жыйынтыгы менен “Социалдык-экономикалык инфраструктураларын жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүлөрүн чыңдоо” багытында Кедей Арык айылында “Т.Тайгараев мектебинин терезелерин алмаштыруу”, көйгөйү артыкчылыктуу көйгөйлөр деп табылсын жана айыл аймагынын 2017-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына толуктоо катары киргизилсин. Тиркеме №1.
  2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Н.Ж. Самидиновго жүктѳлсүн.
  3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

Төрага:
Ж. Сейдахматов
Жооптуу катчы:
Акумбаева М. Р.