Урматтуу Ак-Терек айыл аймагынын тургундары!
Учурда республикада айыл чарба долбоорлорун каржылоо жана мамлекеттик колдоо көрсөтүлүүдө, анын ичинде:
«Айыл чарбасын каржылоо - 13» долбоору (ФСХ, жеңилдетилген кредит) «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу жылдык 10% пайыз менен кредит каралган;
«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоору (КАПК, жеңилдетилген кредит) «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу жылдык 6% пайыз менен кредит каралган;
«Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо» долбоору (ФОТП, жеңилдетилген кредит) «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу жылдык 6% пайыз менен кредит каралган.
- “Кыргыз Республикасында асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүү долбоору” (РПС) боюнча, келечекте жеңилдетилген кредит аркылуу каржылануусу каралып жатат.
Министрлик “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” (КАПК), “Айыл чарбасын каржылоо - 13” (ФСХ), “Бирдиктүү товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” (ФОТП) долбоорлордун алкагында жеңилдеткен кредит алууга мүмкүнчүлүгүңөр бар экенин билдирет жана кредит алуу шарттары боюнча “Айыл Банк” ААК жана “Элдик Банк” ААКнун райондук филиалдарына кайрылсаңыздар болот.
Мындан тышкары, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору аркылуу ишке ашырылып жаткан добоорлор өздөштүрүлүүдө (ЦКА), анын ичинен:
- Сүт секторун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” үчүн кошумча каржылоо” долбооруна (Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору (ЦКА) жана КР Финанасы министрлиги) 17,0 млн.$ каралган;
- “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорунун (ЦКА) 35,5 млн.$ каралган.
Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (ОРСП), аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлор:
“Айыл чарбаларында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү” долбоорунун жалпы суммасы 40,0 млн.$, Айыл банк жана башка финансылык мекемелер аркылуу жылдык 8%ти менен насыялоо каралган;
“Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу - АДАПТ” долбооруна 9,2 млн.$ каралган. Байланышка Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн (ОРСП) өкүлү Тамчыбек Тулеев, телефону: +996 701 177 155, t.tuleev@apiu.kg.
Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги жа АРИС аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлор (АРИСтин борбордук офиси, Бишкек, Боконбаева көчөсү 102, Телефон: + 996 (312) 301 805, 620 752, Email: office@aris.kg):
Ошондой эле, 2025-жылы Ысык-Көл облусунда Министрликтин алдындагы Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментти жергиликтүү фермерлер жана кайра иштетүү ишканалар үчүн семинарлар менен окутууларды өткөрүүнү пландаштырууда.
Мындан тышкары, эгерде сиздерде кайра иштетүүчү ишкана ачуу боюнча бизнес-план бар болсо, аны жакшыртуу жана инвесторлорду тартуу боюнча «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун кызматкерлери менен байланыша аласыздар. Телефон:
+996 880 000 430, электрондук почта: project.office.kr@gmail.com.