Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

Бар-Булак минералдык суусу Бар-Булак минералдуу суусу- дарылык касиети бар, жер астынан бургалап чыгарылган жылуу суу. Ысык-Кѳл облусунун, Тоң районунда Балыкчы шаарынан 45 чакырым чыгыш, Кара-Коо кыштагынан 5 чакырым түндүк-батыш тарапта, Ысык-Кѳл жээги

Бар-Булак минералдык суусу

Бар-Булак минералдуу суусу- дарылык касиети бар, жер астынан бургалап чыгарылган жылуу суу. Ысык-Кѳл облусунун, Тоң районунда Балыкчы шаарынан 45 чакырым чыгыш, Кара-Коо кыштагынан 5 чакырым түндүк-батыш тарапта, Ысык-Кѳл жээгинен 600 м аралыкта, деңиз деңгелинен 1653, 53 м бийиктикте.

Суу 1979-ж. бургулоо кѳзѳнѳгүнѳн 1100 м тереңдикте чыгарылган. Суу чыккан жерде атропогендин борпон кум-топурагы, палеоген-неогендин кумдук, чопо, алевролит, палезойдун кумдук, алевролит тоотетиктери жатат. Минералдуу суу палезойдун кумдук, алевролит тоотетиктериндеги тектоникалык жаракаларда топтолуп, бургулоо кѳзѳнѳгүнѳн агып чыгат. Суу жытсыз, тунук, саал кычкыл даамы бар, температурасы 44˚С, чыгымы 2,5 л\с минералдануусу 4,0-4,7 г\л. Химиялык курамы боюнча сульфат- хлорит- кальций-натрийлүү, газдардан азот басымдуу (88-90%) эринди түрүндѳ 4,2 % кѳмүр кычкыл газы, 1,5 гелий кезигет.

Микрокомпоненттерден  жез, коргошун, цинк, фтор, мышьяк,мобилден, никель, бром ж.б. элементтер бар. Дарылык касиети боюнча белгилүү «Славян», «Смирнов» минералдуу сууларына окшошуп кетет. Боор, ѳт жана ашказан ооруларын ичүү, нерв, муун, гинекология, тери жана тиш ооруларын сууга түшүү жолу менен  дарыласа болот. Запасы В категориясы боюнча суткасына 0, 216 миң мꝪ

Байланыш ном. 0509 35 78 29