Ал үчүн ДМБ-Даректик Маалымдама Бюросуна катталуусу зарыл
Келечектеги күйөө менен колуктунун IDпаспорттору;
Эгер адам мурда никеде турса, мурунку никени бузууну ырастаган документ;
Жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, эгер никеге туруп жаткан адамдардын бири /жесир болуп саналса;
Нике курагын азайтуу жөнүндө белгиленген формадагы документ, эгер никеге туруп жаткан адамдын бири нике курагына жете элек болсо (18 жаш)
Биргелешкен балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
Кош бойлуулук тууралуу маалымкат;
Арыз жазылган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин берилет.
Никеге туруп жаткан адамдардын экөөсү тең болушу милдеттүү.
Никеге туруп жаткан адамдардын биргелешкен балдары, ошнодой эле колуктунун кош бойлуулугун тастыктаган документ болгон учурда, никелешүүнү каттоо жети иш күндүн ичинде жүргүзүлөт.