Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

“Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору 2025-жылдын апрель айында Туркия Республикасынын Анкара шаарында ата мекендик ишкерлердин соода-миссиясын жана көргөзмөнү уюштуруу пландаштырууда. Ысык-Көл облусунда жайгашкан кургатылган жемиш

       “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору 2025-жылдын апрель айында Туркия Республикасынын Анкара шаарында ата мекендик ишкерлердин соода-миссиясын жана көргөзмөнү уюштуруу пландаштырууда. Ысык-Көл облусунда жайгашкан кургатылган жемиштер, эт азыктары, кургатылган буурчак, жаңгак, тери өндүргөн жана башка ата мекендик ишканалардын, жогоруда айтылган иш чараларга катышууга кызыкчылыгы бар болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборуна 2025-жылдын 20-февралына чейин берүүнү сурайбыз. 
 
Көргөзмө аянты акысыз берилет, ал эми жол кире, мейманкана, тамак аш акысы ишкерлер тарабынан төлөнөт. 
 
Суроолор боюнча “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун өкүлүнө (+996 508959899 Исламбеков Байтүгөл Исламбекович) кайрылсаңыздар болот.