23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын М.Жумаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде патриоттук майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш чарага Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Ж.За
23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын М.Жумаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде патриоттук майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш чарага Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Ж.Зарнаев, ардагерлер кеңешинин төрагасы Э.Д.Исаев, Тажик-Ооган согушунун ардагерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мектеп жамааты, окуучулар жана айыл тургундары катышышты. 10-11 класстын окуучулары аскердик даярдыгын, дене тарбиясын, күч-шыгын жана ыкчамдыгын мыкты денгээлде көрсөтүштү. Бул иш чараны уюштурууда, жаштардын мекенчилдик сезимин чыңдоого, патриоттук духун көтөрүүгө М.Жумаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин АЧД сабагынан берген мугалими Абдыраманов Кубатбек агайдын салымы өтө чоң экенин белгилей кетсек болот. Иш чарада куттуктоо сөздөр айтылып, сыйлыктар тапшырылды.