Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

Ак-Терек айыл аймагынын айылдар арасындаы ынтымакты чыңдоо максатында Нооруз майрамы Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылында болуп өттү. Майрамга Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Г.Шаршенбек кызы, А

Ак-Терек айыл аймагынын айылдар арасындаы ынтымакты чыңдоо максатында  Нооруз майрамы Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылында болуп өттү.
 
       Майрамга Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Г.Шаршенбек кызы, Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Ж.Зарнаев, айыл аймагыбыздын ардагерлери кеңешинин төрагасы Исаев Э.Д., аялдар кеңешинин төрайымы Сакембаева К. жергиликтүү кеңешинин төрагасы Эркинбек уулу Султан, айыл аймагыбыздын тургундары, меймандар катышышты. 
       Майрамда кыргыз элинин улуттук байлыктарын, салттарын сактоо максатында кыргыз элинин салтуу турмушун жана маданиятын чагылдырылган тушоо кесүү каада- салты көрсөтүлүп, айылдар арасында  улуттук оюндардан ордо, тогуз коргоол, кол күрөш ,кыргыз күрөш, аркан тартыш жана айылдар арасында футбол, волейбол оюндары да ойнотулду. Андан тышкары Тогуз-Булак айылынын көчөлөрүнүн тазалыгы боюнча конкурс, айылдар арасында боз үйдүн ички жасалгасы жана улуттук тамак аш көргөзмөсү уюштурулду. Айылдар арасындагы айылдардын тазалыгы боюнча  конкурста Коңур- Өлөң айылы биринчи орун, Кызыл-Туу айылы экинчи орунга ээ болду. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттан катышуучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылып, иш чара Тогуз-Булак айылын шайыр апаларынын жана мектеп окуучуларынын концерттик программасы менен коштолуп, айыл тургундарына жагымдуу маанай тартууланды.