Ысык-Көл облусунун, Тон районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылын
өнүктүрүүнүн башкы планы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу программасын бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Архитектура,
курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаменти Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл
аймагында жайгашкан Тогуз-Булак айылынын башкы планын иштеп чыкты.
Башкы планды ишке ашыруу үчүн, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл аймагында жайгашкан Тогуз-Булак башкармалык менен 2024-жылдын 20-июнунда №588-
ИК\2024 келишими түзүлгөн, кардары Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтү. Тогуз-Булак айылынын аймактарынын азыркы абалы боюнча алгачкы маалыматтар жергиликтүү бийлик органдарынын, Архитектура жана шаар куруунун, Мамкаттонун адистери жана кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн, ошондой эле долбоорлоо алдындагы инженердикэкономикалык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө алынган.
Бул иштер архивдик изилдөө жана жеринде баруу, эксперттик сурамжылоо жана аймактык кызматтардын жана чарбалык субъекттердин жооптуу өкүлдөрүнө сурамжылоо менен жеринде текшерүү ыкмаларын колдонуу менен ишке ашырылды. Тогуз-Булак айылынын мурунку сакталып калган шаар куруу стратегияларын аныктаган долбоорлоо жана пландоо документтерине изилдөө жүргүзүлдү. Бул долбоорлоо алдындагы иштердин натыйжалары аймактарды өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн жана тенденцияларын талдоо жана Тогуз-Булак айылынын азыркы абалын комплекстүү баалоо үчүн пайдаланылган жана инженердик-экономикалык изилдөөлөрдүн материалдарында, негизги жана кошумча чиймелеринде чагылдырылган.
Тогуз-Булак айылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Жаргылчак айыл өкмөтүнүн аймагында, Балыкчы шаарынын түштүк-чыгышында болжол менен 83 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бишкек шаарына чейинки аралык 260 чакырымдай. Айылдын түндүк тарабында 10 км. Тогуз-Булак айылынан борбор шаар Бишкек жана Кыргыз Республикасынын батыш тарабы менен байланыштыруучу республикалык маанидеги Балыкчы – Каракол автожолу өтөт.
Туруктуу жана болжолдонгон калктын саны жана аймагы:
- Тогуз-Булак 2024-жылга калкы саны - 2312 адам, келечекке эсеп мөөнөтүнө (2045ж.) - 3468 адамды түзөт.
- Айылдын учурдагы / калптанып калган / чеги – 154га.
- Тогуз-Булак айылынын эсеп мөөнөтүнө болжолдонгон чек арсы – 188 га.
Башкы пландын негизги милдети айылдын аймактык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын жана Тогуз-Булак айылынын келечекке кеңейтилиши жана өсүшү мүмкүн болгон жерлерди негиздөө болуп саналат. Тогуз-Булак айылынын башкы планы тарабынан кабыл алынган аймактарды өнүктүрүүнүн негизги багыттары айылдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын социалдык-экономикалык приоритеттерине ылайык келген болжолдуу мезгилге шаарды өнүктүрүү стратегиясын негиздөө үчүн зарыл жана төмөндөгүлөргө көмөктөшөт:
- шаар куруу көйгөйлөрүн ырааттуу чечүү жана айылды туруктуу социалдыкэкономикалык өнүктүрүү үчүн шаар куруу шарттарын камсыз кылуу;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык жашоо шарттарын жана курулуштун коопсуздугун камсыз кылуу;
- аймактарды натыйжалуу пайдалануу, имараттарды жана инженердик-транспорттук инфраструктураны модернизациялоо жана өнүктүрүү;
- жергиликтүү калктуу конуш системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү.