Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кѳл-Тѳр айылында чет элдик туристерге жана студенттерге кѳчмѳн кыргыздардын жашоосу менен тааныштыруу анын ичинде:
1. Кыргыздын боз үйү менен таанышуу жана боз үйдүн жасалгасы, тигилишин кѳрүп, турист ѳзү да тигип кѳрѳт, улуттук кийим кечелер менен таанышуу;
2. Ат миӊгизип жаратылыштын табигаты менен тааныштыруу жана айлана-чѳйрѳнүн кооздугун кѳрүп кыдыруу;
3. Бүркүт-шоу, жаратылыштын койнунда бүркүт менен мергенчилик кылуу, куштар менен (фотоссесия) сүрѳткѳ түшүү, мастер класс кѳрсѳтүү;
4. Ысык-Кѳл ѳрѳѳнүндѳ, Барскоон капчыгайындагы шаркыратмага баруу;
5. Кыргыздын улуттук тамак-аштары менен таанышып, жаратылыш койнунда тамактануу;
6. Бар-Булак минералдык ысык сууга барып, бассейинге түшүү жана бүт шарты бар этно конок үйүндѳ эс алуу.
Байланыш телефондор: 0707204402 Кумар
0500079025 Султан