Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

2025-жылдын 20-майында Ак-Терек айыл өкмөтү тарабынан жыл сайын май айынын 3-аптасынын жекшемби күнүндө белгиленүүчү "Энелер күнүнүн" урматына «Эне деген айтып бүткүс бүт аалам» аттуу майрамдык иш-чара уюштурулуп, өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарага баатыр эн

2025-жылдын 20-майында Ак-Терек айыл өкмөтү тарабынан жыл сайын май айынын 3-аптасынын жекшемби күнүндө белгиленүүчү "Энелер күнүнүн" урматына «Эне деген айтып бүткүс бүт аалам» аттуу  майрамдык иш-чара уюштурулуп, өткөрүлдү.

         Майрамдык иш-чарага баатыр энелер, көп балалуу апалар, жалгыз бой, жесир аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жеке ассистенттери, ардагер мугалимдер, эмгеги сиңген тех.кызматкерлер чакырылды. Энелерге арналган майрамдык иш-чара Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылындагы К.Исаков атындагы маданият үйүндө уюштурулду. Анда Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Ж.Зарнаев жеке өзүнүн жана жана жалпы кызматкерлерини  атынан майрамга келген энелерди  майрамы менен куттуктап, өз каалоо-тилектерин жолдоп, Ак-Терек айыл өкмөтүнүн атынан энелерге белектер берилип,  сыйлыктар  тапшырылды. Ошол эле учурда Ак-Терек айыл аймагынын аялдар кеңешинин төрайымы Мусалиева Жайнагүл Курманканова, жергиликтүү кеңешинин депутаты Кендирбаева Асель Акматовна сөз сүйлөп, апаларга куттуктоолорун жолдошту. Майрамдык иш-чаранын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери, Кара-Коо айылынын «Ак-Терек» шайыр апалары шаңга бөлөп, концерттик программаларын тартуулашты.