Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

2025-жылдын 30-майында Тоң районунун Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылындагы К.Исаков атындагы маданият үйүндө пенсионерлер союзунун форму болуп өттү. Форум Ысык-Көл облусунун пенсионерлер союзу тарабынан уюштурулду. Форумга Кырг

2025-жылдын 30-майында Тоң районунун Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылындагы К.Исаков атындагы маданият үйүндө пенсионерлер союзунун форму болуп өттү.

             Форум Ысык-Көл облусунун пенсионерлер союзу тарабынан уюштурулду. Форумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Иргебаев Бакытбек Байчороевич, Тоң районунун прокурору Сыдалиев Акбар Айдаралиевич, Тоӊ районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Осмонов Бактыбек Арапбаевич, " Кыргызстан пенсионерлер союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы Исаков Эсенгул Байдалиевич, Ысык-Кѳл облусунун пенсионерлер союзунун төрагасы Исаев Эсенгул Даниярович жана республикабыздын жети дубанынан келген пенсионерлер союзунун мүчөлөрү катышышты. Иш чарада пенсионерлер союзуна салым кошкондорго сыйлыктар тапшырылып, форум концерттик программа менен коштолуп, сый тамак уюштурулду.