Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Ак-Терек айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде башкы, улук жана кенже топтогу кызмат орундарына ички кадрлар резервине киргизүү үчүн АЧЫК СЫН

Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Ак-Терек айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде башкы, улук жана кенже топтогу кызмат орундарына ички кадрлар резервине киргизүү үчүн
АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башкы кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар ( Б-А, Б-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тиешелүү багыттагы жогорку билим 
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
 
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн улук кызмат орундарына  коюлуучу квалификациялык  талаптар (У-А, У-Б) 
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
 
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн улук кызмат (жер  жана айыл чарба блок)  орундарына  коюлуучу квалификациялык  талаптар (У-Б) 
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
 
 Ак-Терек айыл өкмөтүнүн кенже кызмат (экономикалык блок) орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А, К-Б)   
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим 
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
 
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн кенже кызмат (гуманитардык блок) орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А, К-Б)  
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим 
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
 
К.Исаков атындагы маданият үйүнө маданий-массалык иш-чараларды уюштуруучу
Төмөнкү багыттар, адистиктер боюнча жогорку же орто кесиптик билими: гуманитардык, педагогикалык, маданият жана искусство, иш стажына талаптар коюлбайт 
 
Юрист 
тийиштүү багыттагы жогорку билим (юридикалык)
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдар
 
Тандоого катышуу учун төмөндөгү документтер тапшырылат:
Өзүнүн арызы;
Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
Паспорттун көчүрмөсү;
Жогорку же орто кесиптик билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);
Эмгек стажын ырастаган документтин көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);
 
Белгиленген талаптарга туура келбеген  документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
 
Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын 
Тоӊ району, Кара-Коо айылы, Батыркан көчөсү № 29, Ак-Терек айыл өкмөтү 
 
Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 календарлык күнү кабыл алынат.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефонго кайрылыӊыздар:
 0502847997
Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.