Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” К

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
 
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 10-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
 
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
 
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “Жер мунапысын жүргүзүүгө арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунда аяктайт.”;
– 18-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 181
-пункт менен толукталсын: “181
   “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына киргизилген жерлерде жайгашкан жер мунапысынын субъектилерине бекитилип берилүүчү жер участогунун өлчөмү жалпы пайдалануудагы жерлерди эсепке албастан ээлеп турган жер участогунун иш жүзүндөгү чектерине жараша белгиленет. “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына киргизилген
жерлерде жайгашкан жер мунапысынын субъектилерине бекитилип берилүүчү жер участогунун өлчөмү жеке турак үй куруу үчүн ушул айыл аймагында же калктуу конушта бекитилген чектүү аянтка жараша жерге жайгаштыруу схемасына жана долбооруна ылайык белгиленет.”;
– 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
“Тутумдук же өз ыктыяры менен жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна укук катары мамлекеттик каттоодон өткөн жер участокторуна жергиликтүү мамлекеттик администрация же шаардын мэриясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн) арызынын негизинде коомчулукка билдирүү жол-жоболорун өткөрбөстөн жана ушул Жободо каралган жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорун бербестен укук ээлеринин тизмесин бекитүү жөнүндө чечим чыгарат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация же шаардын мэриясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн) арызынын негизинде коомчулукка билдирүү жолжоболорун өткөрбөстөн жана ушул Жободо каралган жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорун бербестен укук ээлеринин тизмесин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин, багбанчылык-дача жер участокторун кошпогондо, жер участоктору менчик ээлеринин макулдугусуз “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулду (трансформацияланды) деп эсептелет.”
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
 
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев