Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

КОҢУР-ӨЛӨҢ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ 2025-жылдын 19-июнунда, Ак-Терек айыл аймагына караштуу Коңур-Өлөң айылында жаңы 50 орундуу бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын белгилүү инсаны Сүйүн Сапарбекович Касмамбето

КОҢУР-ӨЛӨҢ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ
 
         2025-жылдын 19-июнунда, Ак-Терек айыл аймагына караштуу Коңур-Өлөң айылында жаңы 50 орундуу бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын белгилүү инсаны Касмамбетов Сүйүн Сапарбекович, Жогорку Кеңештин депутаты Алиев М.К,  Президенттин Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Д.Арпачиев, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Индира Токонова, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.А.Осмонов, Тоң районунун  билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Кыдырова, Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Ж. Зарнаев, жергиликтүү кеңештин  төрагасы Эркинбек уулу Султан, ардагерлер кеңешинин төрагасы Э.Д. Исаев, аксакалдар сотунун төрагасы Р. Жангазиев, аялдар кеңешинин  төрайымы Мусалиева Ж.  жана  айыл тургундары катышышты.  Жаңы курулган бала бакчанын курулушуна Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан 35 323 826 сом, эмеректерине Тоң өнүктүрүү фонду тарабынан 419 100 сом, жабдыктарына Ак-Терек айыл өкмөтүнүн бюджетинен 146 600 сомго каржыланып, андан тышкары кошумча жабдыктары Коңур-Өлөң айылынын демөөрчүлөрү тарабынан алынып берилди.