Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Ак-Терек айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде башкы, улук жана кенже топтогу кызмат орундарына ички кадрлар резервине киргизүү үчүн
АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башкы кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар ( Б-А, Б-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тиешелүү багыттагы жогорку билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн улук кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А, У-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн улук кызмат (жер жана айыл чарба блок) орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн кенже кызмат (экономикалык блок) орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А, К-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн кенже кызмат (гуманитардык блок) орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А, К-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
Кара-Коо айылынын К.Исаков атындагы маданият үйүнүн директору
Кара-Коо айылынын К.Исаков атындагы маданият үйүнүн маданий-массалык иш чараларды уюштуруучу
Комсомол айылынын китепкана башчысы
квалификациялык талаптары:
1.Директор (клуб) башчысы:
Төмөнкү багыттар, адистиктер боюнча жогорку же орто кесиптик
билими: гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу,
маданият жана искусство, иш стажына талаптар коюлбайт.
2. Маданий-массалык иш- чараларды уюштуруучу:
Төмөнкү багыттар адистиктер боюнча жогорку же орто кесиптик
билими: гуманитардык, педагогикалык, маданият жана исскуство,
иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Китепкана башчысы:
Төмөнкү багыттар, адистиктер боюнча жогорку же орто кесиптик
билими: китепкана таануу…
Юрист
тийиштүү багыттагы жогорку билим (юридикалык)
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдар
Тандоого катышуу учун төмөндөгү документтер тапшырылат:
Өзүнүн арызы;
Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
Паспорттун көчүрмөсү;
Жогорку же орто кесиптик билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);
Эмгек стажын ырастаган документтин көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын Тоӊ району, Кара-Коо айылы, Батыркан кочосу №29, Ак-Терек айыл окмоту
Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган кундон тартып 10 календарлык куну кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу учун томондогу телефондорго кайрылыныздар.
0701447727
Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.