Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

Шашылыш билдирүү!!! 2025-жылдын 1-2-октябрларда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, дыйканчылык аймактарда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаа

Шашылыш билдирүү!!!

            2025-жылдын 1-2-октябрларда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, дыйканчылык аймактарда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен  айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

           1-октябрда күндүз Чүй, Талас өрөөндөрүндө абанын температурасы төмөндөп 10…15°, кечке жакын 2…7° болушу күтүлөт. 2-октябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 16…21°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуулукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10° суукка чейин, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулука чейин болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

         Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Эскертүү:

          Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

         Жогорудагы маалыматты эске алып, дыйкан-фермерлер алдын алуу чараларын көрүп, талаадагы казылып алынган картошканы, жашылчаларды жана айыл чарба продукциялары жабылсын.

 

Ак-Терек айыл ѳкмѳтү