Ак-Терек айыл аймагынын мал ээлери үчүн тартиптер
Ар бир мал ээсин төмөнкү тартиптерди так сактоого чакырабыз
* Кечки саат 18:00дөн тарта эртең мененки саат 07:00гө чейин бардык бодо малдарды жана жылкыларды короо-сарайларга камап, жолго чыгарбоону камсыз кылыңыздар.
• Күндүзгү убакта малды кароосуз калтырбай, сөзсүз түрдө кайтарууга алып, көзөмөлдө болушун суранабыз.
* Малды унаа жолунан айдап өтүүдө белгиленген тартипти сактап, айдоочуларга тоскоолдук жаратпоого аракет кылыңыздар.
* Коопсуздук үчүн бодо малдардын жана жылкылардын жалына, куйругуна же мүйүзүнө жарык чагылдыруучу ленталарды байлоону сунуштайбыз.
Жоопкерчилик чаралары: Жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаган мал ээлерине Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» Кодексинин 124-беренесине ылайык 5500 (беш миң беш жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынаарын катуу эскертебиз!
ЭСКЕ АЛЫҢЫЗДАР: - Эгерде кароосуз калган малдын айынан жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен адамдар жаракат алса, дарыланууга кеткен бардык чыгымдарды малдын
ээси төлөп берүүгө милдеттүү!
- Ал эми адам өмүрү кыйылган учурда, малдын ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Ар бир жарандын өмүрү жана коопсуздугу – баарыбыздын жалпы жоопкерчилигибиз! Тартипти сактап, кырсыкты алдын алалы!