Ак-Терек айыл өкмөтүндө 2025-жылдын 1-октябрында Улгайган адамдардын Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш чарага Ак-Терек айыл аймагынын бардык айылдарынан улгайган адамдар катышты. Майрамдык иш-чарада Ак-Терек айыл
Ак-Терек айылөкмөтүндө 2025-жылдын 1-октябрында Улгайган адамдардын Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Иш чарага Ак-Терек айыл аймагынын бардык айылдарынан улгайган адамдар катышты. Майрамдык иш-чарада Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ж. Зарнаев, ардагерлер кеңешинин төрагасы Э.Исаев, аялдар кеңешинин төрайымы Ж.Мусалиева, Ак-Терек айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы С.Жангазиев майрам ээлерин куттукташты, Ак-Терек айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери жана "Шайыр апалар" тобу чакан концерт уюштуруп, жакшы маанай тартуулашты. Ак-Терек айыл өкмөтүнүн атынан белектер тапшырылды.