Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы жарыяланган. Ушул жарлыкты аткаруу максатында Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы жарыяланган. Ушул жарлыкты аткаруу максатында Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы №129 токтомуна ылайык жергиликтүү Курултайды уюштуруу 1-ноябрына белгиленген. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын курамы калктын санына ылайык 80 делегаттан турат.
Ак-Терек айыл аймагында жергиликтүү Курултайдын делегаттарын кѳрсѳтүү боюнча ѳткѳрүлүүчү чогулуштардын (жыйындарды) өткөрүү графигине ылайык, 80 жергиликтүү өкүлдөр (делегаттар) шайланган.
Бүгүн 2025-жылдын 1-ноябрындагы өкүлчүлүктүү жыйынга тандалган 80 делегаттардан 2 делегат жана 2 резерв шайланышты. Кезектеги IV Элдик Курултайды ѳткѳрүү жана делегаттарды шайлоо ишин координациялоо боюнча уюштуруу комитетине жѳнѳтүлдү.
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү курултайына Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңештин тѳрагасы Эркинбек уулу Султан тѳрагалык кылды. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын катчысы Эсеналиева Мээрим Бактыбековна болду.