Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

Ак-Терек айыл аймагында райондук деңгээлде "Алтын күз" түшүм майрамына арналган салтанаттуу иш-чара ѳткѳрүлдү 2025-жылдын 6-ноябрында Ак-Терек айыл аймагында райондук деңгээлде "Алтын күз" түшүм майрамына арналган салтанаттуу иш-чара жогорку

Ак-Терек айыл аймагында райондук деңгээлде "Алтын күз" түшүм майрамына арналган салтанаттуу иш-чара ѳткѳрүлдү

          2025-жылдын 6-ноябрында  Ак-Терек айыл аймагында райондук деңгээлде  "Алтын күз" түшүм майрамына арналган салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Иш-чаранын максаты — эмгекчил дыйкандарды, фермерлерге, ишкерлерге урматтоо, жердин берекесин даңазалоо жана маданий баалуулуктарды даңктоо болду. Иш-чаранын программасына ылайык “Алтын күз” түшүм майрамына арналган айыл жана мал чарба продукцияларынын, ошондой эле мал өстүрүүдө сандан сапатка өтүүнү жайылтуу максатында  асыл тукум малдын көргөзмөлөрү уюштурулду.

           Жыйынтыгында “Алтын күз” көргөзмөсүнүн жыйынтыгы чыгарылып, Улахол жана Ак-Терек айыл өкмөттөрү 5,0 миӊ сомдон байгеси менен 3-орунду , 8,0 миӊ сом байгеси менен Күн-Чыгыш айыл өкмөтү 2-орунду, 10,0 миӊ сом байгеси менен Б.Мамбетов айыл өкмөтү 1-орундуу ээледи.“Алтын күз” түшүм майрамы райондук маданият үйүнүн өнөрпоздорунун концерти менен жыйынтыкталды. Ошондой эле, мыкты дыйкандарга жана айыл чарба кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.