Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

Урматтуу Ак-Терек айыл аймагынын тургундары! Сиздерди жадырап кирип келген Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Нооруз майрамы ар дайым элибизге жакшылыктарды ыроолоп, жергебизге кут, береке тартууласын. Ынтымакты чыңдаган, тынчтык мене

Урматтуу Ак-Терек айыл аймагынын тургундары! 
 
            Сиздерди жадырап кирип келген Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Нооруз майрамы ар дайым элибизге  жакшылыктарды ыроолоп, жергебизге кут, береке тартууласын. Ынтымакты чыңдаган, тынчтык менен мээримдүүлүктүн, достуктун белгиси болгон Нооруз майрамыбыз куттуу болсун! Ар бириңиздердин үй-бүлөөңүздөргө бакыт, молчулук жана ийгилик алып келсин. Өлкөбүздө тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү бекемделип, элибиздин бакубат жашоосу мындан ары да жогорулай берсин. Сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр, бакыт-таалай каалайбыз! Нооруз майрамыӊыздар кут болсун!