Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

Ысык-Көлдө конгон - 380 үйдү жана беш пансионатты суу каптаган.

Ысык-Көл облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам түшкөн сел 380 үйдү, беш пансионатты жана 11 дүкөндү каптаганын президенттин Ысык-Көл облусундагы элчилиги билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, Булан-Сөгөттү айылында сел суулары «Ысык-Көл Аврора» санаториясынын жана «Аврора плюс» эс алуу борборунун короолоруна кирип кеткен. Корумду айылында «Симирам» эс алуу борборун жана «Нептун» пансионатын суу каптаган. Окуяга күбө болгондор ошондой эле «Карвен Ысык-Көл» эс алуу борборун сел каптаганын айтышууда.Эскерте кетсек, 18-августта Ысык-Көл районунун бир катар айылдарында катуу сел жүргөн. Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн 350дөн ашык адам жана атайын техника иштеп жатат.