Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

Ысык-Көлдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилеринин жыйыны өтүүдө.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жыйындын катышуучулары кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын коркунучун азайтуу боюнча аймактык кызматташтыкты бекемдөө боюнча иш-чараларды координациялоо, ошондой эле Сендай программасын ишке ашыруу маселелерин талкуулашат.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев белгилегендей, Борбордук Азия табигый кырсыктар (жер титирөө, жер көчкү, суу ташкындары) көп катталуучу аялуу аймак бойдон калууда. Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча аракеттерди күчөтүүгө багытталган ведомстволордун мындан аркы кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.