Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

Ысык-Көлдө дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн келген суучулдар чеберчилигин жогорулатышууда.

Чолпон-Ата шаарындагы Суучулдарды даярдоо борборуна Казакстан, Россия, Сауд Арабия, Малайзия, Сербия, Палестина, Тунис, Мали, Иордания жана Ливандан келген адистер чогулушту. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин инструкторлору тарабынан 30 метр тереңдикке түшүү, суу астындагы куткаруу иштери, биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана башкалар боюнча практикалык жана теориялык сабактар ​​өтүүдө.
Окуу 16-августта аяктайт. Анын жыйынтыгы боюнча катышуучулар сертификаттарга ээ болушат.