Жалпыӊыздарды эгемендүү Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыкка ээ болгондугунун 33 жылдыгы жана мамлекетибиздин башаты болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен Ак-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм.
Ар бир үйгө жана ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай, береке-молчулук, аманчылык, ден- соолук менен бакубатчылык, бардарчылык, бейпилдик каалайм. Жергебизде тынчтык жана биримдик болуп, Эгемендүүлүктүн туусу түбөлүк желбиресин!
Эгемендүү Кыргызстаныбыз гүлдөп өссүн!
Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Ж.Зарнаев.