31-август күнү–Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүлүгүнүн 33 жылдык майрамы, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү
31-август күнү–Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүлүгүнүн 33 жылдык майрамы, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш чарага ардактуу аксакалдар, айыл тургундары жана меймандары катышты.
Иш-чарада айыл аймактын социалдык- экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон инсандар атайын сыйлыктар менен сыйланышып, көп балалуу энелерге "Эне данкы" медалдары тапшырылып, айыл аймак тургундарына, меймандарга жана спорт сүйүүчүлөргө сый тамак уюштурулду.
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери жана шайыр апалардын коштоосунда концерттик программа тартууланып, улуттук спорттук иш-чаралар менен улантылды.
Жергиликтүү бюджеттин каражатынан жана Көл-Төр айылынын кулуну, жеке ишкер Каныбек уулу Алиакбар демөөрчүлүк көрсөтүп, спорт оюндарынын катышуучуларына акчалай сыйлыктар тапшырылды.