23-сентябрь Кыргыз Республикасынын улуттук тил күнү. “Мамлекеттик тилибизге 35 жыл"
Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына карата Ак-Терек айыл аймагына караштуу китепкана жана клубдарда иш чаралар ѳткѳрүлдү. Комсомол айылдык китепканасында “Кыргыз тили улут уӊгусу”, Кара-Коо айылдык китепканасында “Улут болсом, тилим менен улутмун”, Ала-Баш айылдык китепканасында “Кылымдарды карыткан тил”. Кѳл-Тѳр, Комсомол айылдык клубдарында мектеп окуучулары менен бирге “Мамлекеттик тилибизге 35 жыл”, Дѳӊ-Талаа айылдык клубунда “Эне тил болбосо, аты аталбайт улуттун” аттуу иш чаралар ѳткѳрүлүп, кыргыз тилибиз даӊазаланды.