Тоӊ районундагы Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылында «Достук» сейил бакчасынын ачылышы болуп өттү.
Тоӊ районундагы Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылында «Достук» сейил бакчасынын ачылышы болуп өттү. Кара-Коо айылында жакшы жөрөлгө -"Достук" сейил бакчасы ачылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Б.Түлөбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Д.Арпачиев, Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Осмонов, Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Ж.Зарнаев, меймандар, Ак-Терек айыл аймагынын тургундары, аксакалдар , мекеме кызматкерлери, жаштар, бөбөктөр катышты. Достук сейил багы Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун «Жашыл мурас» демилгесин колдоо максатында жеке ишкер,меценат, Кара-Коо айылынын кулуну Сагынаев Болот тарабынан курулду. Салтанаттуу иш-чара белгилүү кыргыз эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен коштолуп, чакырылган меймандарга, айыл тургундарына боз үйлөр тигилип, сый тамак уюштурулду.