Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

"1-октябрь Карылардын Эл Аралык күнү"

"1-октябрь Карылардын Эл Аралык күнү"
 
Бүгүн "1-октябрь Карылардын Эл Аралык күнүн" белгилеп, Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Коо айылынын К.Исаков атындагы маданият үйүндө айыл аймагыбыздын кары адамдарына белектер тапшырылып, маданият кызматкерлери тарабынан уюштурулган чакан майрамдык концерт тартууланды.
 Карылардын эл аралык күнү менен  чын дилибизден   куттуктайбыз! Баарыныздарга чын ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо, кажыбас кайрат тилейбиз. Ак сакалын жайкалткан аталар, ак элечегин башынан түшүрбөгөн энелер төрдүн көркү, акылдын кенчи болуп жүрө бериңиздер!