Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

Мугалимдердин кесиптик майрамы күнүнө карата Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылынын кулуну, жеке ишкер Сагынаев Болот демөөрчүлүк колдоосу менен жалпы аймагыбыздын билим берүү уюм-мекемелеринин мугалимдерине, ардагер мугалимдерге Кара-Коо айылынын К.

МУГАЛИМ-АРДАКТУУ  КЕСИП!
 
Жүрөктөрүн кесипти сүйүүгө толтурган, коомду, дүйнөнү өзгөртө турган күчкө ээ жана биздин балдарды келечекке даярдаган Ак-Терек айыл аймагынын мугалимдерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз! Ар бир кылган мээнетиңиздердин үзүрүн көрүп, мыкты келечек муундарын заманга жараша окуутуда сиздерге чоң ийгиликтерди каалайбыз!
Келечек жаштардын, ал эми жаштар мугалимдердин эмгеги демекчи ар бир кылынган мыкты эмгектин, жаратылган чоң ийгиликтин башаты мугалим. Ошондуктан урматтуу мугалимдик кесипти туу тутуп, чарчаганын билишпей, окуткан балдары менен сыймыктанып иштеп жатышкан мугалимдерге таазим  этүү менен ыраазычылык айтабыз!!!
 
Мугалимдердин кесиптик майрамы күнүнө карата Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылынын кулуну, жеке  ишкер Сагынаев Болот демөөрчүлүк колдоосу менен жалпы аймагыбыздын билим берүү уюм-мекемелеринин  мугалимдерине, ардагер мугалимдерге Кара-Коо айылынын К.Исаков атындагы маданият үйүнө  мугалимдердин көңүлүн көтөрүү максатында сый тамак уюштурулуп, сыйлыктар тапшырылды жана ошондой эле Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаты бөлүнүп, ар бир билим берүү уюм-мекемелерине акчалай сыйлыктар  тапшырылды. Салтанаттуу иш-чарада мугалимдерге бүгүнкү күндөгү мугалимдер менен окуучуладын ортосундагы  карым катнаш, ынтымак, тыгыз байланыш жөнүндө "Келечек" аттуу патриоттук- комедия кино тасмасы тартууланды.
 
Сагынаев Болотко жана бир туугандарына жалпы Ак-Терек айыл аймагынын тургундарынын, айыл өкмөтүнүн атынан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.