Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын март айында Красногорск шаарында, андан соӊ Дагестандын Дербент шаарында болгон каргашалуу окуяларга байланыштуу, учурда Россия аймагында жана Чек ара ѳткѳрүү пункттарында

 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын март айында Красногорск шаарында, андан соӊ Дагестандын Дербент шаарында болгон каргашалуу окуяларга байланыштуу, учурда Россия аймагында жана Чек ара ѳткѳрүү пункттарында кошумча коопсуздук чаралар кѳрүлүп, Федералдык коопсуздук кызматына караштуу Чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан кылдат текшерүү иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдайт. 
         - Россия Федерациясына барууга жүйѳлүү негизи жок кошумча коопсуздук иш-чаралары жана мамлекеттик чек арадан ѳткѳрүүдѳ күчѳтүлгѳн тартипти колдонуу режими токтотулган учурга чейин убактылуу Россиянын аймагына кирбѳѳ; 
         - Ѳзүнүн сапарын пландаштырып койгон жарандардын Россия Федерациясына кирүүгѳ чектѳѳсү бар же жоктугун Россиянын ИИМнин сайтынан (mvd.ru) алдын ала текшерүүӊүздѳр. Бирок бул сайтта РФнын укук коргоо органынын линиясы боюнча гана кирүүгѳ уруксат берилбегендиги жѳнүндѳ маалыматтар камтылгандыгын эске алуу керек;  
         - Документтерден тышкары, жарандардын мобилдик байланыш түзүлүштѳрүнүн мазмууну да узак мѳѳнѳттүү текшерүүгѳ алынат Россияга учуп бараткан КРнын жарандарынын телефондордогу маалыматтын  мазмуунуна кѳӊүл буруу зарыл;
         - Россия Федерациясынын аймагында буга чейин эки же андан кѳп жолу административдик укук бузган жарандардын мамлекеттик чек арадан ѳтпѳй калуу жана андан улам келип чыккан кесепеттерди болтурбоо максатында Россиянын аймагына баруудан баш тартуу.