КУЛАКТАНДЫРУУ!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №536 тескемесин аткаруу максатында кыргыз тилин жана улуттук маданиятты сүйүүгѳ тарбиялоону пропагандалаган жана жазган таланттуу авторлорду табуу жана илгерилетүү, республиканын региондорундагы авторлордун чыгармачылык дараметин ѳнүктүрүүгѳ кѳмѳктѳшүү максатында “40 район – 40 китеп” адабий конкурсун ѳткѳрѳт.
-Конкурска 18 жашка толгон жана андан жогорку жаштагы Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат;
- Конкурска кѳрсѳтүлүүчү чыгармалар (кол жазма) жарыяланбаган жана мамлекеиттик же расмий тилдерде жазылган болууга тийиш;
- Конкурска берилген чыгармалардын кѳлѳмү 200-500 беттен ашпоого тийиш, word, pdf форматында кабыл алынат. Кегилдин ѳлчѳмү 14 Times New Roman шрифти, саптардын ортосундагы интервал-бир, жээктери-стандарттуу.
Конкурс тѳмѳнкү номинациялар боюнча ѳткѳрүлѳт:
1. «Проза» - романдар, повесттер, аӊгемелер жыйнактары;
2. «Поэзия» - поэмалар, ырлар жыйнактары;
3. «Публицистика» - макалалардын жана публицистикалык чыгармалардын жыйнактары;
4. «Балдар жана ѳспүрүм курактагылар үчүн адабият» - романдар, повесттер, аӊгемелер, жомоктор, ырлар жыйнактары;
5. «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптѳлүшү боюнча адабият»;
6. «Маданият жана исскуство боюнча адабият» - альбом- каталогдор, фотоальбомдор ж.б.
Конкурстун жеӊүүчүсү деп табылган автордун китеби Мамлекеттик фонд тарабынан жарык кѳрѳѳрүн маалымдайбыз.
Ѳтүнмѳлѳрдү тапшыруу мѳѳнѳтү 2024-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин берүүсү зарыл.
Толук маалымат алуу үчүн байланыш тел. 0700 84 8329, 0502 15 28 82 (WhatsApp жазыӊыздар)