Ысык-Көл областынын Тоӊ районунун Ак-Терек айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде башкы, улук жана кенже топтогу кызмат орундарына ички кадрлар резервине киргизүү үчүн
АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башкы кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар ( Б-А, Б-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тиешелүү багыттагы жогорку билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн улук кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А, У-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн улук кызмат (жер жана айыл чарба блок) орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн кенже кызмат (экономикалык блок) орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А, К-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн кенже кызмат (гуманитардык блок) орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А, К-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
Тандоого катышуу учун төмөндөгү документтер тапшырылат:
-
Өзүнүн арызы;
-
Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
-
Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
-
Паспорттун көчүрмөсү;
-
Жогорку же орто кесиптик билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);
-
Эмгек стажын ырастаган документтин көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке 2024-жылдын 01-ноябрынан 11-ноябрына чейин 9-00 дон 17-00 го чейин тапшыруу керек.
Дареги: Тоӊ району, Кара-Коо айылы, Батыркан көчөсү № 29, Ак-Терек айыл өкмөтү.
Маалымат алуу үчүн телефон: 0700 615490