7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү! Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү – бул ар бир улуттун өткөн тарыхын, анын эрдигин жана мурасын урматтоо күнү. Ак-Терек айыл аймагындагы 1916-жылдагы кандуу окуялардын курмандыктарына арналган
7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү! Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү – бул ар бир улуттун өткөн тарыхын, анын эрдигин жана мурасын урматтоо күнү.
Ак-Терек айыл аймагындагы 1916-жылдагы кандуу окуялардын курмандыктарына арналган «Кырк шейит» тарыхый эстелигинин алдында шейит кеткен ата-бабалардын арбагына арналып куран окутулуп, эскерүү күнү белгиленип иш чара уюштурулду. Иш-чарага Тоӊ районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Г.Шаршенбек кызы, Ак-Терек айыл өкмөтүнүн аппарат жана маданият кызматкерлери, мугалимдер, Тоң райондук маданият үйүнүн кызматкерлери жана айыл тургундары катышышты. Маданият кызматкерлер 1916-жылдагы окуяларды чагылдырып көрсөтүштү.