Телефон: +996(03947) 6-00-67 Email: akterek_ton@mail.ru

Ысык-Көл областынын, Тоӊ районунун, Ак-Терек айыл аймагына караштуу  Кызыл-Туу  "Боз үйчүлѳр" айылына кош келиниздер! Ысык-Көл областынын Тоӊ районунун Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында  жайгашкан.   Калкынын саны 1560 адам жан

Ысык-Көл областынын, Тоӊ районунун, Ак-Терек айыл аймагына караштуу  Кызыл-Туу  "Боз үйчүлѳр" айылына кош келиниздер!

           Ысык-Көл областынын Тоӊ районунун Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында  жайгашкан.   Калкынын саны 1560 адам жана  316 түтүн жашайт. Кызыл-Туу айылы боз үйчүлөр айылы деп аталат жана ушул убакытка чейин  90% эли кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Жыгач усталык, чий согуп, чийден ар кандай сувенирлер, кийизден ар кандай жасалгалар, өрнөк ж.б. кол менен жасалган буюмдар жасашат. Боз үйдүн жыгачынан баштап кийиз  ички жасалгасы бүт колго жасалат жана табигий жүн жыгачтарды колдонушат.

           Кыргызстан боюнча кол өнөрчүлүк боюнча иш-чара, фестивалдарга катышып, ар-кандай сыйлыктардын ээси болуп келет. Боз үйдү 9 мүнѳттѳ беш канаттуу жетимиш беш баш боз үйдү алты адам  тигип, Кыргыстан боюнча биринчиликти алышкан. Колго табыгий материалдардан жасалган сувенирлерди көргөзмөлөргө алып чыгып, катышып жана келген туристтерге  сувинерлерди сатышат. Кол өнөрчүлүктөн башка Кызыл-Туу айылына келген туристтерди  кабыл алып,  конок үйлөр менен камсыз кылып, кол өнөрчүлүк боюнча мастер класстарды көргөзүшөт.

Байлыныш номерлери: Тынчы 0705 261 846

                                         Толосун  0700 411 011