Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) Коомдук Фонду тарабынан колдоо көрсөтүлүп, Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылындагы №8 бала бакчасында музыкалык бөлмөнүн ачылышы болуп өттү. Белгилей кетсек, долбоор алкагында де
Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) Коомдук Фонду тарабынан колдоо көрсөтүлүп,
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылындагы №8 бала бакчасында музыкалык бөлмөнүн ачылышы болуп өттү.
Белгилей кетсек, долбоор алкагында демилгелүү топ түзүлүп, балдар бакчасын өнүктүрүүгө социалдык долбоор иштелип чыгып, гранттык каражаттарга жана өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен бөлмөнүн оңдоп түзөө иштерине материалдар, музыкалык жабдыктар, аспаптар, телевизор жана отургучтар алынып берилди.
Бул жаңы музыкалык кабинет кичинекей балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана алардын маданий жактан өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөрүнө үмүтүбүз чоң экенин билдиребиз.