Урматтуу Ак-Терек айыл аймагынын тургундары жана коноктор! Саналуу убакытта жаңы 2025-жыл босогобузду аттайт. Бардыгыңыздарды жаңы 2025-жыл менен чын жүрөктөн өзүмдүн жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин атынан куттуктайм! Ар бириңиздерге чын ден
Урматтуу Ак-Терек айыл аймагынын тургундары жана коноктор!
Саналуу убакытта жаңы 2025-жыл босогобузду аттайт. Бардыгыңыздарды жаңы 2025-жыл менен чын жүрөктөн өзүмдүн жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин атынан куттуктайм!
Ар бириңиздерге чын ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалайм. Жаңы жылда асыл максаттар, аруу тилектердин баары ишке ашсын. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак, коомубузда биримдик болсун. 2025-жыл ар бирибиз үчүн жетишкендиктердин, өнүгүүнүн жана ийгиликтердин жылы болсун!
ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!
Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ж.Зарнаев.